ЖК төрагасы министрге орус тилинде баяндама жасоого уруксат бербөө менен парламенттин регламентин бузганы чын (Фактчекинг)

Жогорку Кеңештин 15-декабрындагы жыйынында парламенттин төрагасы Нурлан Шакиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутмановага расмий тилде баяндама жасоого уруксат берген жок

Социалдык тармактын колдонуучулары төраганын бул аракети Конституцияга жана Жогорку Кеңештин регламентине каршы келерин айтып чыгышты. 

ЖК төрагасы министрге орус тилинде баяндама жасоого уруксат бербөө менен парламенттин регламентин бузганы чын (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы орус тили тууралуу Конституцияда жана Жогорку Кеңештин регламентинде эмнелер жазылганын текшерип көрдү. 

Баш мыйзамдын 13-беренесинде Кыргызстанда расмий тил катары орус тили колдонулары жазылган. 

ЖК төрагасы министрге орус тилинде баяндама жасоого уруксат бербөө менен парламенттин регламентин бузганы чын (Фактчекинг)

Ошондой эле 46-беренеде мамлекет бала бакчадан тартып мектепти аяктаганга чейин ар бир жарандын мамлекеттик, расмий жана башка бир чет тилди окуп-үйрөнүүсү үчүн шарт түзүп берери белгиленген.

ЖК төрагасы министрге орус тилинде баяндама жасоого уруксат бербөө менен парламенттин регламентин бузганы чын (Фактчекинг)

Ал эми Жогорку Кеңештин регламентинин 36-беренесинде парламенттин жыйынын өткөрүү тили тууралуу жазылган. 

Ага ылайык, Жогорку Кеңештин жыйынын төрага мамлекеттик, башкача айтканда, кыргыз тилинде алып барат. Жыйын синхрондуу түрдө дароо орус тилине которулуп турат. 

Аталган берененин 2-бөлүгүндө депутат, ошондой эле чакырылган адамдар Жогорку Кеңештин жыйналыштарында расмий тилде сүйлөөгө укуктуу экени жазылган. 

ЖК төрагасы министрге орус тилинде баяндама жасоого уруксат бербөө менен парламенттин регламентин бузганы чын (Фактчекинг)

Ошондой эле регламентте парламентте сүйлөнгөн сөздөр орус тилинен кыргыз тилине жана кыргыз тилинен орус тилине удаа которулуп турары көрсөтүлгөн.

Жыйынтык: Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутмановага расмий тилде баяндама жасоого уруксат бербөө менен парламенттин регламентин бузганы чын.

Белгилей кетсек, буга чейин дагы сентябрда парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин депутаттары Суу чарбасы кызматынан келген адистин орус тилиндеги баяндамасын угуудан баш тартышкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты