ЖК Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына Бакыт Төрөбаевди бекитти

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңеш 30-марттагы отурумунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды.

Добуш берүүгө жалпы 68 депутат катышып, бардыгы Төрөбаевдин талапкерлигин колдоп беришти.

28-мартта президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештеги «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

Бакыт Төрөбаев 49 жашта. Ал “Ак жол”, “Республика” жана “Өнүгүү-Прогресс” партияларынын тизмеси менен дагы шайлоолорго катышып, жалпысынан Жогорку Кеңештин төрт чакырылышынын депутаты болгон. 2009-жылы өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты