ЖК комитетинде бийик тоолуу аймакта жайгашкан калктуу конуштардын тизмесин бекитүү долбоору каралды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 21-апрелде, Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында макулдашууга киргизилген «Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмесин бекитүү жөнүндө» Министрлер кабинетинин токтом долбоору каралып, жактырылды.

Аталган маселе боюнча эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров маалымат берди. Анын айтымында, деңиз деңгээлинен 1800 метрден жогору деп аныкталган 31 калктуу конуш жаңы киргизилүүдө.

Эл өкүлү Эмил Токтошев айылдардын деңгээлин аныктоодо адилеттүүлүк принциби сакталууга тийиш экенин баса белгиледи. «Айрым учурларда айылдардын ортосундагы бийиктиктин айырмасы болгону 10-20 метрди түзүп, бирок бир айыл тизмеге кирип, экинчиси мындай мүмкүнчүлүктөн ажырап калууда» деди.

Депутат Балбак Түлөбаев аймактарда картографиялык өлчөөлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон геодезиялык пункттарды калыбына келтирүү жана Министрлер кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин жабдууларын жаңыртуу керектигин белгиледи.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты