ЖК комитети транспорт министрине Абсаттар Сыргабаевдин талапкерлигин карады

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 3-сентябрда, Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында транспорт жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна дайындоого Абсаттар Сыргабаевдин талапкерлигине макулдук берүү маселеси каралды.

Жыйында талапкерди президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.

Комитет Президенттин сунуштамасын Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.

11-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаевди тааныштырган.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты