ЖК комитети Акаевдин экс-президенттик макамы боюнча маселени жалпы жыйында кароого жиберди

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 24-сентябрда, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелер боюнча комитетинде Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин экс-президенттик макамын кайтарып берүү боюнча арызы каралды.

Депутат Гуля Кожокулова Аскар Акаевдин экс-президенттик статусун кайтарып берүү боюнча комиссия түзүүнү сунуштады. Бирок бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушу четке кагылды.     

Депутат Жанар Акаев Аскар Акаевдин арызын канаттандыруу чечимин кабыл алынса, эл түшүнбөй каларын, Акаев башкарып турган учурда Аксы окуясы болгонун,  Шералы Назаркулов сыяктуу адамдардын ачкачылык жарыялаганын, үй-бүлөлүк башкаруу болгонун ж.б. улам, Аскар Акаевдин өтүнүчүн канаттандыруудан баш тартуу боюнча жалпы жыйынга сунуштоо чечимин чыгаруу туура болорун айтты.    

Комитет Аскар Акаевдин экс-президенттик макамын кайтаруу боюнча маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын кароосуна киргизүү чечимин кабыл алды. Арызды канаттандыруудан баш тартуу сунушталды.  

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп, Жогорку Кеңешке кат жолдогону белгилүү болгон.

Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Кумтөр кенинин айланасындагы коррупция боюнча Бишкекке алынып келингендигин маалымдаган.

Аскар Акаев Улуттук коопсуздук комитетине “Кумтөр” иши боюнча 2022-жылы Кыргызстанга келип, “Кумтөр” иши боюнча эки жолу жолу сурак берген.

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек берип, Акаев тууралуу буларды айткан:

«Аскар Акаевге бир дагы кылмыш иши козголгон эмес экен. Албетте, кылмыш иши козголбогондон кийин издөөдө болгон эмес. Ошондуктан “Кумтөрдү” “Центеррадан” талашып жатканда көрсөтмө берип кетиңиз деп атайын чакырганбыз. Камалбасына кепилдик бергенбиз. Кепилдик бербесек дагы камаганга эч кандай юридикалык негиздер жок эле. Келди, сурак берип кетти. Ал кишинин суракта берген көрсөтмөлөрү “Кумтөрдү” Кыргызстанга алганга абдан пайдасы тийди»  деди Жапаров.

Башкы прокуратура кийин ага тагылган айыптардын баары мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын билдирген.

Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылкы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты