ЖК депутаттарын шайлоо боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды
- 2 года мурун
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Мыйзам долбоорунун негиздемесинде «Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жол-жоболорун өркүндөтүү, саясий коррупцияга каршы күрөшүү жана шайлоонун учурдагы системасынын кемчиликтерин четтетүү, жарандардын эл өкүлдөрүнө болгон ишеним деңгээлин жогорулатуу максатында иштелип чыккандыгы» белгиленди.
Мыйзамдын демилгечилери — Нурланбек Тургунбек уулу, Нурбек Сыдыгалиев, Акылбек Түмөнбаев, Кундузбек Сулайманов, Марлен Маматалиев, Улан Примов, Данияр Тлонов, Жумабек Салымбеков, Чынгыз Ажибаев.
Азыркы мыйзам боюнча, 54 депутат пропорционалдык система боюнча бирдиктүү шайлоо округунан, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Учурдагы пропорционалдык система боюнча депутаттарды көрсөтүү саясий партияларга таандык, ал эми мажоритардык шайлоо системасында депутаттарды көрсөтүү саясий партияларга жана жарандардын өзүн өзү көрсөтүүсүнө укук берилет.
Сунушталган мыйзам долбоору боюнча 90 депутат мажоритардык система боюнча көп мандаттуу аймактык шайлоо округунан шайланып келет. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 30 аймактык шайлоо округу түзүлөт, алардын ар биринде үчтөн депутат шайланат.
Аялдар үчүн 30 депутаттык мандат бөлүнөт. Аймактык шайлоо округунда катталган аял талапкерлердин ичинен шайлоочулардын эң көп добушун алган аял шайланды деп таанылат.
Долбоорго ылайык, депутат мандатын тапшырган учурда кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Ошол округдан көп добуш алган кийинки талапкерге мандат берилет.
Иллюстрациялык сүрөт: ЖК имараты. Интернет булактарынан




