ЖК депутаттары Интернетте порнографиялык мүнөздөгү контентке кирүүгө тыюу салууну сунуштоодо

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентке кирүүгө тыюу салууну сунуштоодо. Мыйзам долбоору 10-мартта коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — депутаттар Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов, Султан Айжигитов, Медер Алиев, А.Эрбаев, Эмил Жамгырчиев, Марлен Маматалиев жана Нурлан Ражабалиев.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде акыркы убакта жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштардын, ошондой эле инсандын руханий-адептик саламаттыгына каршы жасалган кылмыштардын саны кескин өскөнү белгиленген. Авторлор мындай кылмыштарга Интернеттеги порнографиялык мүнөздөгү контентти колдонуу себеп болуп жатканын белгилешкен.

«Интернет порнографияны таратууга негизделген күчтүү индустрияга ээ. Көбүнчө кылмышкерлер өз курмандыктарына түздөн-түз кире алышпайт жана өздөрүндө сексуалдык фантазияларды ойготуу менен өздөрүн канааттандырышат. Бул үчүн адатта порнографиялык чыгармалар жана видеолор колдонулат. Бирок эртеби-кечпи мындай аракеттер кылмыш жасоого алып келет. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздү камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу зарыл«, — деп жазылат маалымкат-негиздемеде.

Мыйзам долбоорунда «порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контент» түшүнүгүнүн аныктамасы сунушталган жана мындай мүнөздөгү контентти тараткан сайт же сайттын баракчасы контент жарыялангандан кийин 24 сааттын ичинде бөгөттөлөрү, эгер контентти бир сутканын ичинде өчүрбөсө, 2 айга жабылары жазылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты