ЖК чек арадагы кырдаал боюнча кезексиз жыйынын улантат
- 2 года мурун
Кыргыз парламенти бүгүн, 18-сентябрь күнү кезексиз жыйынын улантат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жыйын жабык өтөт.
Эске салсак, буга чейин Баткен облусунда өзгөчө кырдаалдар жарыяланган. 16-сентябрь күнү Тажикстан Кыргызстан тарапка бир канча жеринен ок атып баштаган.
Кыргызстандын мамлекеттик бийлиги Тажикстан бир канча макулдашууну бузуу менен ок атып баштаганын билдирген эле.
Муну бөлүшүү