Жигердүү жарандар USAIDдин жана жергиликтүү бийликтин колдоосу менен Көк-Жаңгактагы паркты калыбына келтиришти

2023-жылдын 29-мартында Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарындагы жаңыланган шаардык парк салтанаттуу түрдө ачылды. Паркта жолдор оңдолуп, балдар аянтчасы, дарбаза, коомдук даараткана курулган. Сейилдөөчү жайдын аймагында видео байкоо тутуму иштемекчи.

Калаанын паркы демилгелүү тургундардын, шаардык кеңеш, мэрия, аймактагы ишкерлер жана USAID «Жигердүү жарандар» долбоорунун аракеттеринин аркасында жаңыртылды.

Көк-Жаңгак шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу Өмүрбек Мамытов сейил бактын жаңылануусуна шаардыктардын жана Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондунун катышуусу чоң роль ойногонун белгиледи.

«Көк-Жаңгак шаарынын администрациясы мындан ары да шаарыбызды таза жана ыңгайлуу кылуу үчүн шаардыктар менен биргеликте иш алып барат» деди ал салтанаттын жүрүшүндө.

Эки жыл ичинде жергиликтүү демилгелүү топ паркты оңдоо үчүн жалпысынан 5,6 млн сомго чукул каражат чогулткан. Анын ичинде Жалал-Абад аймактык өнүктүрүү фонду бөлгөн 4 млн сом, шаардык кеңеш бөлгөн 260 миң сомдой каражат кирет. Жергиликтүү тургундар, жеке ишкерлер 134 миң сомдук курулуш материалдарын алышты.

Көк-Жаңгак шаарынын чок ортосундагы сейил бак көп жылдардан бери ээн турган. Биргелешкен аракеттердин натыйжасында жаңыртылып, жакшыртылган парк шаардын сыймыгы жана жергиликтүү коомчулуктун башын бириктирүүчү борборго айланды.

«Бул эки жылдык долбоор биздин топ үчүн жакшы тажрыйба болду. Эми мындай долбоорлор кандай жүзөгө ашырылып, тургундар жана бийлик менен кантип иш алпарып, кантип каражат топтоо керектигине көзүбүз жетип отурат» дейт демилгелүү топтун лидери Марзия Асанова.

USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоор адистери демилгелүү топтун мүчөлөрүнө тийиштүү юридикалык консультация жана башка кеңеш берип турду. Мындан сырткары, долбоор 1,2 млн сомго 1,6 миң чарчы метр таш төшөлмө, селкинчек, сыртта машыгуучу жабдыктарды сатып алууга жардам берди.

«Бул жарандык коом, өкмөт жана ишкерлер өз жашоосун жакшыртуу үчүн кызматташуусунун эң мыкты мисалы. 2020-жылдан тарта USAIDдин колдоосу менен жигердүү жарандар 13 түрдүү демилгелерди ишке ашырышты. Келечекте дагы да көп болот деп ишенем» дейт USAIDдин КРдагы директору Кайя Адамс.

Жигердүү жарандар USAIDдин жана жергиликтүү бийликтин колдоосу менен Көк-Жаңгактагы паркты калыбына келтиришти
Жигердүү жарандар USAIDдин жана жергиликтүү бийликтин колдоосу менен Көк-Жаңгактагы паркты калыбына келтиришти
Жигердүү жарандар USAIDдин жана жергиликтүү бийликтин колдоосу менен Көк-Жаңгактагы паркты калыбына келтиришти
Жигердүү жарандар USAIDдин жана жергиликтүү бийликтин колдоосу менен Көк-Жаңгактагы паркты калыбына келтиришти
Жигердүү жарандар USAIDдин жана жергиликтүү бийликтин колдоосу менен Көк-Жаңгактагы паркты калыбына келтиришти
Сүрөттөр: «Жигердүү жарандар» долбоору.

«Жигердүү жарандар» долбоору FHI 360 тарабынан ишке ашырылып, USAID тарабынан каржыланат. Долбоор жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жарандык коом, өкмөт жана жеке сектордун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоону көздөйт. 2020-жылдан бери коомдук жайларды, тротуарларды, жарыктандырууну, балдар аянтчаларын жакшыртуу сыяктуу 13 долбоорду колдоого алды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты