Жети-Өгүздүн жашоочусунун үйүнөн 6 килограммдан ашык баңгизат табылды

  • 5 месяцев мурун

Жети-Өгүз районунун жашоочусунун үйүнөн 6 килограммдан ашык баңгизат алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Жети-Өгүз районунун жашоочусу баңгизаттарды сатуу максатында ири өлчөмдө баңги каражаттарын даярдоо жана сактоо менен алектенип жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Маалымат Жети-Өгүз районунун ИИБде катталып, тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын тургуну 1979-жылы туулган К.М. аттуу жаран экендиги аныкталган.

Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Жети-Өгүз РИИБдин тергөө кызматы тарабынан тинтүү жүргүзүүгө соттун санкциясы алынып, аталган жарандын үйүн кызматтык издөө итинин жардамы менен тинтүү учурунда үйүнүн чатырынан баңгизат табылган», — деп жазылат маалымат.

Алынган баңгизаттын салмагы 6 килограммдан ашкан.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган баңгизат 4 кг. 212 гр “марихуана” жана гашиш 2 кг 090 гр. “гашиш” болуп аныкталган.

Кармалган К.М. убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты