Жети-Өгүздө кичи маркеттердин биринен өрт чыкты

  • 10 месяцев мурун

Жети-Өгүздө кичи маркеттердин биринен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

6-октябрда саат 3:18де Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында “Жанаша жайгашкан кичи маркеттердин бири күйүп жатат” деген маалымат түшкөн.

Саат 3:45те 1 андан соң, резервдеги дагы 1 күжүрмөн эсеп чыккан. Тилсиз жоонун жайылганына байланыштуу саат 4:12де Каракол шаарынын №15 ӨКБдан 2, жалпысынан 5 күжүрмөн эсеп жеринде иштеп жатат. Учурда өрт чектөөгө алынып, толук өчүрүү боюнча иштери жүрүп жатат. Жеринде 28 куткаруучу 3 офицер иш алып барууда. Өрттүн келип чыгуу себеби жана чыгымдар такталууда, бактыга жараша жабыркагандар жок 2 соода түйүнү жана эмерек жасоочу жайы күйүп, болжол менен тилсиз жоо 1900 м² аянтты кучагына алган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты