Жети-Өгүздө кичи маркеттен чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү
- 1 год мурун
Жети-Өгүздө кичи маркеттен чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
6-октябрда Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы ири өрттү өчүрүүдө 5 бөлүм иштеп, саат 12:00дө толугу менен өчүрүлдү.
2 соода түйүнү жана эмерек жасоочу жайы күйүп, болжол менен төрт 1900 чарчы метр аянтты кучагына алган. Өрттөн жабыркагандар жок. Учурда өрт кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.
Муну бөлүшүү