Жети-Өгүз районунун акими Мураталы Тагаев кызматтан бошотулду

  • 1 год мурун

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими Мураталы Тагаев кызматтан бошотулду. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта аткаминер кызматтан өз арызынын негизинде бошотулганы жазылат.

Белгилей кетсек, Мураталы Тагаев аталган кызматка 2022-жылдын март айында дайындалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты