Жети-Өгүз районунда УКМКнын жаңы имараты ачылды
- 12 месяцев мурун
Бүгүн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Имаратты УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ачты. Ачылышка ошондой эле президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими Э. Бахавадинов, башкармалыктын өздүк курамы, жана ошондой эле аппараттын кызматкерлери, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.
Ташиев куттуктоо сөзүндө коррупцияны жоюу жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча чараларды ишке ашырууну улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, президент тарабынан коюлган Кыргызстанда коопсуздукту камсыз кылууга жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө багытталган милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын билдирди.