Жети айда 61 миңден ашык адам айдоочулук күбөлүк үчүн сынактан өтпөй калган

  • 10 месяцев мурун

Быйыл жети айда 61 488 адам айдоочулук күбөлүк үчүн практикалык сынактан өтпөй калган.

Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Бакыт Насиров маалымат жыйынында билдирди.

2025-жылдын январь айынан июль айына чейин Кыргызстанда жалпы 87 миң 812 айдоочулук күбөлүк берилди.

Анын ичинен 85 816 улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр берилген. 1597 эл аралык үлгүдөгү, 399 тракторист-машинист күбөлүктөрү берилген.

Жалпысынан айдоочулук күбөлүк алуу үчүн теориялык сынакка 308 миң 463 адам катталган.

Анын ичинен ийгиликтүү тапшыргандар – 48 531,

тапшыра албагандар – 174 855,

келбегендер – 85 077.

Практикалык сынакка 123 476 талапкер катталган, анын 61 998и ийгиликтүү тапшырган, 61 488и тапшыра алган эмес.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты