#ЖерТам:»Жети балам бар,алтоосу мектепте окуйт». Көп балалуу эненин түйшүгү

37 жаштагы Малюда Садырова — баатыр эне. Малюданын жети баласы бар, алардын алтоосу мектепте окуйт. Мындан улам Малюда балдарынын кем-карчын жабуу аракетинде Таш-Көмүрдөн Чүйгө келип, талаада кулпунай терип иштеп жатат.

#ЖерТам:"Жети балам бар,алтоосу мектепте окуйт". Көп балалуу эненин түйшүгү

Жайында балдары дагы Чүйгө келип, апасына жардам беришкен. Каарманыбыз улуу балдары окууларына кайткан соң эки кичүү баласын жанына алып, жалгыз иштеп жатканын айтат:

“Чүйгө мартта келгем. Бирок түшүм май айларында башталды. Азыр, кудайга шүгүр кулпунай терип кем-карчыбызды толуктап жатабыз. Эми өкмөт багыш керек деп отуруп албастан, ата-эне аракет кылып иштесе, балдарга дагы жакшы. Негизи балдарым Таш-Көмүрдө окушат. Жайында каникулда мага келип жардам беришти. Алар барда бат эле терип бүтчүбүз. Азыр алар кетип, өзүм жалгыз тергенге көнө албай жатам. Алар жардам берип, колума кол, бутума бут болушту. Бекер отурганча минтип иштеген жакшы экен. Эки кичинекей баламды жаныма коюп алып, кыбырап иштеп жатам”

Малюда жети баласына мамлекеттен 7200 сом жөлөк пул алат. Бирок бул өкмөт берген акча каарманыбыздын балдарынын муктаждыктарына жетпейт. Жолдошу болсо көмүр кенинде иштеп жүргөндө кырсыктап, оор жумушка жарабай калган. 

#ЖерТам:"Жети балам бар,алтоосу мектепте окуйт". Көп балалуу эненин түйшүгү

“Жолдошум көмүр кенде иштеп жүргөндө аны көмүр басып, он бир кабыргасы сынган болчу. Ошондон кийин оор иштерге жарабай калган. Бул кырсыкка чейин мага кыйынчылык билинген деле эмес. Атабыз иштеп, бизди бакчу да. Кырсыктан кийин кыйналдык. Бирок азыр буга дагы шүгүр. Азыр эми интернеттин заманы, “бага албай кыйналып жатса, ошончо баланы эмнеге тууду” деген сөздөрдү уккум келбейт. Андай сөздөрдү укпаш үчүн мен барына даярмын. Бардык жумушта иштеп балдарымды бакканга күчүм жетет. Кыйынчылык кантип болбойт,  баарында эле кыйынчылык болот. Учурдагы кымбатчылык заманда баарына эле оор болуп жатат.  Биз, мисалы, бир айда эки кап ун жейбиз. Бирок кудайга шүгүр, ошентсе дагы аракетимди кылып жатам”. 

Каарманыбыз балдарын эч кимден жардам сурабай өзү бакканына сүйүнөт. Ал быйыл балдарын жаңы окуу жылына даярдоо үчүн жүз миң сом каражат кетирген. Мындан улам мектептердеги китеп таңкыстыгы көп балалуу ата-энелерге кыйын болуп жатат дейт. 

#ЖерТам:"Жети балам бар,алтоосу мектепте окуйт". Көп балалуу эненин түйшүгү

“Мисалы, мен балдарымдын курсагын тойгузам, муктаждыктарын толтуруп, жылуу кийимдерин сатып берем. Колумдан баары эле келет. Бирок үйдөн сатып берген китеп бөлөк, мектептин текчесинен берген китеп бөлөк болот да. Мен шаардан 2-класстагы кызыма үч китеп сатып бердим. Андан кийин дагы бир китеп сатып бергиле, жетпей калды дешти. Ооба, сатып берем. Жети бала төрөп, алты баламды окутуп жаткандан кийин дагы деле болсо тикеме-тик туруп балдарыма кем карчыларын алып бергенге даярмын. Бирок менден башка канчалаган жесир аялдар, энелер бар. Ошондой эле менден дагы көп баласы бар, колунда жок үй-бүлөлөр дагы бар да, алар кантет? Негизи китеп менен өкмөт камсыз кылыш керек деп эсептейм”. 

Деген менен Малюда “Баатыр эне” наамы менен сыймыктанат.
«Балдарым — байлыгым» деп эсептеген  каарманыбыз энелик бакытты баарынан бийик коёт.

#ЖерТам:"Жети балам бар,алтоосу мектепте окуйт". Көп балалуу эненин түйшүгү

“Негизи болгон кирешебиз балдарыма берилген жөлөк пул эле. Жолдошум ооруп калгандыктан оор ишке жок. Менин жанымда эле жүрөт. Анан эми буга дагы шүгүр. Мен балдарым менен аябай сыймыктанам. Мага көп балалуу болгон жагат. Биз өзүбүз эле кайненемди кошкондо, бир үйдө 10 адам жашайбыз. Мага ушундай көп адамдан турган үй-бүлө жагат. Балким менин абалымды кимдир бирөөлөр башкача түшүнүшү мүмкүн. Бирок менде баары жакшы”. 

#ЖерТам:"Жети балам бар,алтоосу мектепте окуйт". Көп балалуу эненин түйшүгү

Кыргызстанда жети жана андан көп балалуу энелерге “Баатыр эне” наамы ыйгарылат. 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин “Баатыр эне” орденин алгандардын саны 39 миң болду. Анын 117си пенсия алууга укугу жок болгондугуна байланыштуу социалдык жөлөк пул алышат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты