#ЖерТам: “Ырайымсыз мамилеге туш болгон жаныбарлар көп келет”. Караколдогу зоопарктын абалы

  • 1 месяц мурун
#ЖерТам: “Ырайымсыз мамилеге туш болгон жаныбарлар көп келет”. Караколдогу зоопарктын абалы

Бул арстандын аты Акжолтой. Ал алты жашта. Акжолтой Кыргызстанга аткезчилик менен алып келинген жаныбар. Акжолтойду алты айлык кезинен баштап зоопарктын директору Салтанат Сеитова өзү багат. Ал Акжолтойдун энесиндей эле болуп калганын айтат: 

“Мыйзамсыз бир арстандын баласы келиптир, азыр кичинекей балдардын колунда экен. Алар паркта ар ким менен сүрөткө түшүрүп, акча таап атышыптыр” деп мага Экотехинспекциянын кызматкерлери чалып калышты. “Аласыңарбы?” дешти. Мен дароо эле макул болдум. Мен биринчи эле жардам берем, жаныбарларды карайм, алам дейм да. Калганын болсо андан кийин ойлоном. Кантип багам, каякта багам, эмне кылыш керек дегендерди. Анда күз мезгили болчу, суугураак эле. Зоопаркта жылуу жер жок эле.  Анан ал мезгилде Акжолтой оорукчан болчу. Буттары кыйшык, көздөрү дагы ооручу. Анан ошентип мага беришти. Ал эми атын болсо, “Акжолтой” деп Экотехинспекциянын кызматкерлери коюшкан”.   

#ЖерТам: “Ырайымсыз мамилеге туш болгон жаныбарлар көп келет”. Караколдогу зоопарктын абалы

“Ошо, анан мен дарыладым, ветеринардык ооруканада канча жүрдүк. Өзүм сүт берип бактым. Анан энесиндей эле болуп калат экенсиң да. Күн жылыганда, жазында бул жакка, зоопаркка алып келдик. Бирок Акжолтой бул жакка көнө албай, бир топ убакыт мени сагынып, ыйлап жүрдү. Менин дагы алыста жүрөгүм ооруп жүрдү. Башында мен зоопаркка келсем эле алыстан үнүмдү угуп өкүрчү. Зоопарктагы балдар “Салтанат эже, Акжолтой жакка барбай эле коюңузчу!” дешет эле. Анткени мен кеткенден кийин өкүрүп, алардын азабын берчү экен. Азыр болсо көндү бул зоопаркка. Бул жакта иштегендерге дагы көндү. Бирок баары бир бул жапайы жаныбар. Муну үйдө кармаганга болбойт”, — дейт ал. 

#ЖерТам: “Ырайымсыз мамилеге туш болгон жаныбарлар көп келет”. Караколдогу зоопарктын абалы

Акжолтой сыяктуу эле Караколдун зоопаркындагы айбанаттардын көбүн мурунку кожоюндары таштап кеткен. Кээ бирлери аткезчилик менен алынып келген. Ал эми айрымдары браконьерлердин колунан жабыр тарткандар.

“Орусча айтканда, “черный рынок” — бул чоң көйгөй. Дүйнө жүзү боюнча бул чоң көйгөй дагы деле токтой элек. Ушундай жаныбарларды мыйзамсыз, документи жок эле адамдар ар кимге, ар кайсы жакка чоң акчаларга сата беришет. Бул нерсени токтошуш керек”,— деп кошумчалады Сеитова.

#ЖерТам: “Ырайымсыз мамилеге туш болгон жаныбарлар көп келет”. Караколдогу зоопарктын абалы

Кыргызстандагы жалгыз зоопаркта 230дан  ашык жаныбар бар. Өлкөдө азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттап турган учурда айбанаттарды багуу оңойго турбай калды. Мындан сырткары, айбанаттар кармалып турган вольерлерди оңдоп-түзөөгө да каражат керек. 

#ЖерТам: “Ырайымсыз мамилеге туш болгон жаныбарлар көп келет”. Караколдогу зоопарктын абалы

“Бизде, бул жакта жаныбарлардын абалы жакшы. Биз аларга үзгүлтүксүз тамак беребиз. Ачка таптакыр калтырбайбыз. Биз бул зоопаркка кирип чыккан элдин акчасы менен жан багып жатабыз да. Анан эң биринчи кезекте жаныбарлардын тоютун камдайбыз. Бирок эми бул зоопарк Союз мезгилинен калган да,  жаныбарлардын акыбалын болсо биз карайбыз, бирок ушул тосмолорду, зоопарктын тышкы жасалгаласын оңдоп, түзөөгө күчүбүз жетпей жатат. Учурда инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Аларга ушул вольерлерди айттык. Алар жардам берип, оңдотуп, түзөтүп, чоңойтуп алсак, дагы жаныбарлар келмек. Бирок бул зоопаркты жасап, ремонттон өткөрүү бул бир-эки айлык иш эмес. Андай иштерге көп убакыт керек. Анткени бул зоопарктын ичиндеги бардык нерселер Союз убагынан бери турушат. Тилекке каршы, оңдоп түзөө иштерине биздин күчүбүз, каражатыбыз жетпей келет”,- деп билдирди зоопарктын администратору Айнагүл Сабатаева 

Анысы аз келгенсип, зоопарктын администрациясынын айтымында, зоопаркка келген адамдардын көбү жаныбарларга орой мамиле жасашат. Айрымдары жандыктарды арыктап кетиптир деп ойлоп, туш келди тамак ыргытып, аларды кыйнаган учурлар көп эле болот. 

#ЖерТам: “Ырайымсыз мамилеге туш болгон жаныбарлар көп келет”. Караколдогу зоопарктын абалы

“Жаныбарлар кадимкидей стресс болушат. Анткени балдар анысы аз келгенсип, чоң кишилер дагы келип алып, жаныбарларды таш менен ургулашат. Андай болбойт да. Жаныбарларды секиртебиз, чуркатабыз дешип эле чыбык, таштар менен ургулай беришет. Билбейм, биздин элге кантип түшүндүрүү керек экенин дагы. Баягыда болсо бир чоң эле киши баласы менен келип алып, маймыл бактын өйдө жагында жүрсө, “токтоп тур балам, азыр мен сага бул маймылды түшүрүп берем деп маймылды таш менен ургулап айтпайбы. Анан жинибиз келип, аларды зоопарктан чыгарып салдык. Мындай окуялар көп эле болот. Көпчүлүк адамдар билбейт да. Зоопаркта кыйкырбаш керек экенин, чуркабаш керек экенин. Себеби, жаныбарларга дагы тынчтык керек”, деди зоопарктын директору Сеитова. 

#ЖерТам: “Ырайымсыз мамилеге туш болгон жаныбарлар көп келет”. Караколдогу зоопарктын абалы

“Адамдар өзүлөрүнүн үйүндө уй, кой багып, аларды семиртип көнүшкөн да. Анан бизге келип,  “жаныбарларыңар арык экен” дей беришет. Бирок бул зоопарк. Биз бул жакта карышкырды, аюну семиртип алып союп жебейбиз да. Ал камалып жаткан неме семирип кетсе, баса албай калат, жалкоо дагы болуп калат. Андан сырткары, ден-соолугу дагы бузулат. Биз норма менен тамак беребиз. 

Анан жазында төөлөрдүн, төө куштардын жана башка жаныбарлардын жүнү түшүп, түлөй башташат. Ошону дагы көрүп алып айтышат, “жүдөп калыптыр, бакпай жатышат” деп. Бирок ар бирине айтып түшүндүрө албайт экенсиң”,деп дагы кошумчалай кетти администратор Айнагүл Сабатаева.

Зоопарктын өзүндө туулган дагы жаныбарлар бар. Алар зоопаркта такай жашаганга аргасыз. Анткени ал айбанаттар кишинин жардамысыз өз алдынча жашап кете алышпайт.

Зоопаркта үч жумушчу такай байланышта болуп, жаныбарлардын тамак-ашын, тоютун берип, карап турушат. Жумушчулардын бири Симбаттын иши минтип жаныбарлардын курсагын тойгузуу менен башталат. 

#ЖерТам: “Ырайымсыз мамилеге туш болгон жаныбарлар көп келет”. Караколдогу зоопарктын абалы

Үйдө эмне кылсаң, бул жакта деле ошол эле жумушту кылам деп ойлойм. Анткени үйдө деле мал багабыз да. Милдеттерим болсо, ошол жаныбарларга көз салып, аларды жакшы карамай, тамагын убак-саатынан кечиктирбей бермей. Анан кароолчу болуп аларды кечкисин дагы карамай. Жумушум жагат өзүмө. Буюрса, жакшы, кыштан  дагы жакшы чыгып алдык. Эң негизгиси азыр тоютубуз бар”, — деди Симбат.

Симбат жаныбарларды кароо, аларга кам көрүү оңой иш эмес экенин айтат. 

#ЖерТам: “Ырайымсыз мамилеге туш болгон жаныбарлар көп келет”. Караколдогу зоопарктын абалы

 “Бир жолу ламаларды кармап, аларга дары берип жүрөбүз. Анан алар топ-топ болуп жүгүрүп жүрүшкөн. Мен аларды кармап, дары берейин дегем. Бирок кармай албай, мен алардын астында калгам. Жети лама тебелеп кеткен (күлүп). Ушундай кызык учурлар көп эле болот. Бирок, менимче, эң кооптуу карышкырларды кароо. Алар  вольерлерден чыгып кетсе коркосуң. Анткени жырткыч да, баары бир сүрү бар. Мисалы, аларга жалгыз кирип, тамак бербейбиз”, —  деп билдирди ал.

Жаз келип, күн жылып, зоопаркка келген адамдардын саны көбөйө баштады. Келгендердин көпчүлүгү балдарын ээрчитип, аларга көргөзүү үчүн келишет. Биз келгендерге дагы суроо салып, алардын бул зоопарк тууралуу оюн билдик. 

#ЖерТам: “Ырайымсыз мамилеге туш болгон жаныбарлар көп келет”. Караколдогу зоопарктын абалы

Биз бул зоопаркка дайыма эле келебиз. Анткени балдарга кызык. Алар китептен көргөн жаныбарларын бул жактан көрүп сүйүнүшөт. Ошо келип, көрүп, сейилдеп, эс алып  кетебиз”, деп билдирди келгендердин бири. 

#ЖерТам: “Ырайымсыз мамилеге туш болгон жаныбарлар көп келет”. Караколдогу зоопарктын абалы

“Биз биринчи жолу келдик. Зоопарк жакшы экен, жакты. Ар бир жаныбарды көрүп алып, балдарым жыргап жатышат”, деп жооп берди дагы бири. 


Зоопарк көрүүчүлөрдү күн сайын кабыл алат. Кирүү акысы чоңдор үчүн 100 сом болсо, балдар үчүн 70 сом.
Эске сала турчу нерсе, зоопарктагы жаныбарларга өзүм билемдик кылып тамакты, таттууларды, же башка буюмдарды берүүгө тыюу салынат.

#ЖерТам: “Ырайымсыз мамилеге туш болгон жаныбарлар көп келет”. Караколдогу зоопарктын абалы

Каракол зоопаркы 1987-жылы СССР мезгилинде түзүлгөн. Бирок зоопарктагы жаныбарлардын жакшы жашоосу СССР менен бирге кулап, эл кыйналган учурда токтоп калган. Андан соң зоопаркты 2002-жылдан баштап Германиянын жаратылышты коргоо союзу толук түрдө каржылап келген, бирок алар дагы кийин каржылоону токтоткон. Андан кийин зоопарктын жетекчилиги жаныбарларды кармоого каражат чогултуу максатында “Бугу Эне” коомдук фондун түзгөн. Учурда бул фонд жаныбарларга кайдыгер карабаган уюмдардын, демөөрчүлөрдүн эсебинен жашап келет. Зоопарк азыркы тапта мамлекетке карабайт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты