#ЖерТам: Сурамжылоо боюнча аймактарда таза суу маселеси курч турат

“ПолитКлиника” медиасы “ЖерТам” долбоорунун алкагында бир айдан ашык убакыт бою Кыргызстандын аймактарындагы көйгөйлөр боюнча сурамжылоо жүргүздү. Аталган сурамжылоонун алкагында таза суунун тартыштыгы жана жол инфраструктурасынын жоктугу эң көп айтылган көйгөйлөр болду. 

Сурамжылоонун максаты — аймактарда көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдү билүү. Жыйынтыгында “ПолитКлиниканын” командасы аймактарды кыдырып, журналистиканын жаңы форматтары менен түрдүү материалдар даярдалат.  

Сурамжылоого катышкан аймактардын жашоочулардын пикири боюнча, эң көп жайылган көйгөйлөр — таза суу, жол инфраструктурасы жана бала бакча жетишсиздиги. 

Ал эми ар бир облус боюнча караганда дагы жагдай ошондой эле:

Сурамжылоонун жыйынтыгында аймактарды кыдырып, журналистиканын жаңы форматтары менен түрдүү материалдар даярдалат. Ошондуктан эгерде сиз дагы аймагыңыздын көйгөйүн айтып берүүнү кааласаңыз, бизге байланышыңыз: +996555 842227 (WhatsApp, Telegram), [email protected]

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты