#ЖерТам: Сокулукта энелер жөлөк пул ала албай жатышат 

Кыргызстанда жөлөк пулдун өлчөмү 2022-жылы 1200 сомго көтөрүлгөн. Инфляцияны эске алганда, бул сумма бир балага жетишсиз деп жакында эле эл өкүлдөрү айтып чыгышкан эле. Бирок, өлкөдө ошол жөлөк пулду дагы таптакыр ала албай жаткан жарандар дагы бар.  Беш баланын энеси болгон каарманыбыз Сокулуктун айылдарынын биринде жашайт. Мээрим(каармандын өтүнүчү менен аты өзгөртүлдү) көп жылдан бери балдарына жөлөк пул алуу үчүн тиешелүү органдарга кайрылып, бирок ушул убакытка чейин ала албай келет.  

#ЖерТам: Сокулукта энелер жөлөк пул ала албай жатышат 

Акимчиликке үч жолу бардым. Барсаң эле “бүгүн аким кабыл албайт, иште эмес” дейт. Кийинкисинде, “Шопоков айылынын соцфондуна бар” дешти. Ал жака барсам, “биз чыгара албайбыз, паспорт столго бар” дешти. Ал жака дагы барсам “жөлөк пул азыр чыкпайт” деп койду. Ушинтип эле барасың, кайрыласаң анан алар болсо “силерди көрүш керек” деп коюшат. Ошону менен келишпейт деле.  Же “азыр ар ким өз балдарын өзү багыш керек”  деп эле коюшат.  Жөлөк пул алам деп канча бардым, канча кайрылдым”, — дейт каарманыбыз. 

Карманыбыздын эң кичүү балдары эгиздер. Алардан тышкары дагы үч кичине балдары менен бир бөлмөлүү батирде турат. Учурда эптеп тапкан акчасы тамак-ашка гана жетерин, жөлөк пул алса балдарынын окуусуна, кийим-кечесине жардам болоорун айтат. 

#ЖерТам: Сокулукта энелер жөлөк пул ала албай жатышат 

“Акча жетпейт, эч жака жеткире албайм. Тияк-бияктан карыз аласың же аны балдарга жеткире албайсың же тамакка жеткире албайсың. Айланып келип эле батирдин акчасы келет, аны төлөш керек. Жок дегенде жөлөк пул чыгып турса, кичине жетиштирмекмин. Өзүбүз мынтип 4 миң сомдук батирде турабыз. Анан балдарга кийим дагы алып бериш керек. Эгиздерге сүт, жалаяк алыш керек. Ушинтип эле эч жагына жеткизе албайм. Эгер жөлөк пул алсам, жок дегенде свет, суу же балдардын өзүлөрүнүн кем каржыларына жарап калмак деп ойлойм”, —  дейт ал. 

Сокулукта балдарына жөлөк пул ала албаганына даттанган энелер көп. Алардын бири алты баланын энеси Перизат Рыскулбек кызы. Перизаттын дагы жашоо шарты оор. Учурда кичинекей балдары менен авариялык абалдагы батирде жашап жатат. 

#ЖерТам: Сокулукта энелер жөлөк пул ала албай жатышат 

“Баягында жер титирегенде терезенин түбү түшүп калды. Үйдүн сырты урады. Корком, балдарым үчүн корком. Улам эле жер титиреп жатпайбы, ошондо не болобуз деп корком. 

Башкаларды билбейм, бирок мага жөлөк пул алыш аябай кыйын болду. Бир бутум ошол соцфонддо, бир бутум үйдө.
Барып эле “эмнеге мага жөлөк пул чыкпайт, 6 балам бар, батирлеп жашайм, иштеген жумушум жок” деп барчумун. Болбоду анан. Мен чоңдорго кайрылам деп чыктым. Ал эми ошол жакта ишетегендер: “кимге кайрылсаң, ошого кайрыл, мага десең, президентге кайрыл” дешти. Мага алардын ушул сөзү аябай катуу тийди эле. Кийин анан президентге электрондук кат жаздым. Кийин жооп келген болчу. Бирок мен ал жактан көчүп кеткем”, — дейт Перизат. 

Перизат,  каттоосу жоктугунан улам жөлөк пул ала албай жүргөн. Учурда толгон токой документтерди тапшырып, эми гана жөлөк пул алып баштайм деп күтүп жүрөт.

#ЖерТам: Сокулукта энелер жөлөк пул ала албай жатышат 

Мен ойлогом, болду ушуну менен жөлөк пул албайм го деп. Батирлеп ар кайсыл жакта жүрсөң, туруктуу каттооң жок болсо, жөлөк пул алыш аябай кыйын экен. Үйү жок, кедей-кембагалдарды анча карашпайт экен деп. Бирок менин атымдан бир эже Беловодское айыл өкмөтүнө кайрылган экен. Анан мен ал жакка толтура документтерди тапшырдым. Эми буюрса апрелден баштап жөлөк пул алып баштайм”, — деди Перизат.  

Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли улам жогорулап жатат. Акыркы статистикалык маалыматтар боюнча, 2020-жылы өлкөдө жакырчылыктын  көрсөткүчү 25,3% болсо, 2021-жылы дароо 33,3% жеткен. Ал эми 2022-жылы пайыздык көрсөткүчү 0,1% азайганы менен, иш жүзүндө жакыр катмарга кошулган кишинин саны 88,7 миңге көбөйгөн. 

#ЖерТам: Сокулукта энелер жөлөк пул ала албай жатышат 

“Жөлөк пулду эле күтүп, карап калган күндөр болот. Өзгөчө кышында күткөн күндөр болгон. Батирде жашагандан кийин анын акчасы бар. Көмүр алыш керек. Кышында өзгөчө оор биздей үй бүлөлөргө”, — дейт каарманыбыз Перизат. 

Мындан улам, ички миграциянын агымы менен өлкөнүн ар кайсы облустарынан  келип, борборго жакын деп, Чүйдүн четиндеги айылдарда жашап жаткандардын турмуш-шарты жылдан-жылга оорлоп баратат.  

Сокулукта каттоосу жок жашап жаткандар көп. Алардын бири 33 жаштагы Айжандын дагы эч бир жерде каттосу жок. Мындан улам, ал көп эле кыйналып келет:  

#ЖерТам: Сокулукта энелер жөлөк пул ала албай жатышат 

“Бул мен жашаган батир. Азыр ушинтип аралашып эле жашап жатабыз. Биягы кийим, кайра эле бул жагына тамак ичебиз. Бул жакта жатабыз. Ушундай баары бир жерде. Шартым ушундай. Балдарым болсо кичине. Эмнени каяка коёрумду билбей эле ушинтип тар бөлмөдө аралышып эле жашап жатам. Эптеп эле күн кечирип атам. Өзүм ооруп калгандан кийин эмне кылышты деле билбей калдым”. 

Ошондой эле, Айжан дагы жөлөк пулга муктаж экенин билдирди. Себеби ден соолугуна байланыштуу иштей албайт. Анын үстүнө балдары дагы кичине жана апасынын дагы майыптыгы бар.  

#ЖерТам: Сокулукта энелер жөлөк пул ала албай жатышат 

“Мен каттоодо дагы турган эмесмин да. Эч бир жерде каттоом жок. Мурун паспорт аларда, убактылуу эле мурунку батиримдин дарегин көрсөтүп каттоого тургам. Бирок андан чыгарып салышкандан кийин, каттоодо дагы жокмун. Мурун талаа иштерине чыгып, кафелерде идиш жууп акча тапчу элем. Ооруп калгандан кийин эле эч жерде иштебей калдым. Азыр балдарды эле карап, майыптыгы бар апамды карап эле үйдөмүн. Анан жөлөк пул ала албай жүрөм. Балдарымдын кийимине, мектепке барчу жол киресине жөлөк пулду жумшап турсам жакшы болмок. Бир киши тапкан акча эч нерсеге жетпейт экен. Балдарыма жөлөк пул чыгарып беришсе, жакшы болмок”, — деп кейийт Айжан. 

#ЖерТам: Сокулукта энелер жөлөк пул ала албай жатышат 

Сокулук районунда “Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун 181 үй-бүлө анын ичинен 640 бала алат. Сокулук районунун Эмгек жана социалдык камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Элвира Атагазиеванын айтымында, жөлөк пул атайын текшерүүдөн өткөрүлүп, үй-бүлөнүн киреше шарты мыйзам менен каралгандан кийин гана чегерилет:

“Мамлекет тарабынан, минималдуу кепилденген атайын кирешенин өлчөмү бар. Ал киши башына миң сомдон ашпаш керек. “Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулу берилерде үй-бүлөнүн бардык киреше булактары каралат . Эгер киреше булагынын өлчөмү киши башына миң сомдон ашып кете турган болсо, анда жөлөк пул берилбейт. Көп балалуу үй-бүлө болсо дагы”, — деп билдирди ал.  

#ЖерТам: Сокулукта энелер жөлөк пул ала албай жатышат 

Ошондой эле, жергиликтүү бийлик биздин каармандардын жашоо шарты менен тааныш экенин, мындай үй-бүлөлөргө өкмөттүн атайын башка программалары бар экенин билдирди: 

“Бул жөлөк пулду чектегенге чейин биз атайын активдүү келишимдер менен иштейбиз. Бизде жумуш берүү бөлүмү бар, мамлекет тарабынан атайын каралган бекер окуулар бар. Ошондой жумуш менен, окуу менен камсыз кылганга аракет кылабыз. Эгерде үйдө жумушка жарактуу адамдар бар болсо. Андан тышкары, өзүбүз дагы ар бир үй бүлөгө мониторингге чыгабыз”, — дейт Элвира Атагазиева. 

Белгилей кетсек, 2024-жылы мамлекеттик бюджеттен социалдык төлөмдөр үчүн 62,7 млрд сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдаган эле. Ошондой эле, өкмөт социалдык төлөмдөргө бөлүнүп жаткан быйылкы чыгаша былтыркыдан дээрлик эки эсеге чукул көп экенин айткан. Бирок соңку жылдары өлкөдө пенсия, жөлөк пул жогорулаганы менен инфляцияга байланыштуу кымбатчылык күч алууда. 

#ЖерТам: Сокулукта энелер жөлөк пул ала албай жатышат 
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты