#ЖЕРТАМ: Сиз жашаган аймактын көйгөйүн айтып бериңиз!

“ПолитКлиника» медиасы #ЖерТам долбоорун улантат. Долбоордун алкагында Кыргызстандын бардык аймактарындагы көйгөйлөр боюнча сурамжылоо жүргүзүп жатат. Сизди сурамжылоого активдүү катышууга чакырабыз!

“ПолитКлиниканын” командасы бир жыл бою #Жертам долбоорунун алкагында Кыргызстандын Талас, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чагылдырып келди. Кабарчыларыбыз жай туругундардын үнүн лонгрид, кэпшн-видео, фото-репортаж жана дата-макала сыяктуу журналистиканын жаңы форматтары аркылуу элге жеткирип жатты. 

Долбоордун экинчи этабында Кыргызстандын бардык аймактарын камтуу үчүн атайын сурамжылоо жүргүзүп жатабыз. 

Анын жыйынтыгында аймактарды кыдырып түрдүү материалдар даярдалат. Балким, биз сиздин көйгөйүңүздүн чечилишине себепчи болуп каларбыз! Кайдыгер калбай сурамжылообузга катышып берүүңүздөрдү өтүнөбүз. 

Долбоор «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен ишке ашат. 

Сурамжылоого катышуу үчүн төмөндөгү суроолорго жооп бериңиз:

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты