#Жертам: Орто билимдүү, жумушсуз. Никеге туруу үчүн кыз уурдагандар кимдер?
- 11 месяцев мурун
- Дата
(Ала качуу фильминин фрагменти, 2019-жыл)
19-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев “кыз ала качуу ата-бабадан бери келе жаткан үрп-адат” экенин айткан. Ал бул сөзүн мал уурдаган кылмышкерди жазалоо тууралуу мыйзам долбоору талкууланып жатканда белгилеген.
“Сиз (ред. Дастан Бекешев) аял уурдоо деп айтып кеттиңиз. Капа болбоңуз, билсеңиз керек, биздин үрп-адат болчу. “Көпчүлүк биздин ата-бабаларыбыз, ошонун ичинде биз деле, алып качып келдик” деп айтылчу эле. Бирок ал биздин наркыбыз, салтыбыз болгон. Сиз аны менен салыштырбаңыз. Малды уурдап жатат, аялды уурдап алып барып бир жакка сатпайт да”, — деген Абдалиев.
Депутаттын бул сөзү коомчулукта түрдүү пикирлерге жол ачып, көпчүлүгү эл өкүлүнүн мындай сөздөрү орунсуз жана мыйзамсыз экенин билдиришкен.
Абдалиевдин кыз уурдоо боюнча айткандары бизге ала качуу азыр кандай деңгээлде деген суроо жаратты.
“ПолитКлиника” медиасынын журналисттери Кыргызстандагы ала качуу окуяларын act.sot.kg сайтынан анализдеп, азыркы абалды билүүгө аракет кылды.
Никеге туруу үчүн уурдоо боюнча беренелер
Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Курманкул Зулушев 2021-жылы өлкө боюнча аялдарды уурдоо жана мажбурлап никеге тургузуу боюнча жалпы 560 факты катталганын билдирген.
Аталган фактылар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (ред. 2017-жылдагы редакция) 28-главасына ылайык, 175, 176, 177 жана 178-беренелеринин негизинде алынган.
Бул статистика Кылмыш-жаза кодексиндеги “Үй-бүлө мамилелеринин салттарына жана балдардын кызыкчылыктарына каршы кылмыштардын” ар бир беренесине карата өзгөрүшү мүмкүн. Алсак, аталган главанын 175-беренеси “Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу” деп аталып, жашы жете электердин эрте никеге туруусуна каршы берене болуп саналат.
Ал эми аталган мыйзамдын 172-беренеси “Никеге туруу максатында ала качуу” деп белгиленип, ала качууга түздөн-түз тиешелүү. Ошондуктан Кыргызстандагы ала качуу фактыларын ушул берененин негизинде карап көрдүк.
Сандардын кескин төмөндөшү: чыныгы абал кандай?
Башкы прокуратуранын “ПолитКлиника” медиасына берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2018-жылдан бери Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси боюнча (“Никеге туруу максатында ала качуу”, 2021-жылдагы редакция) жалпы 775 факты катталган.
Никеге туруу максатында ал качуу фактылары боюнча козголгон кылмыш иштеринин саны 2022-жылы кескин төмөндөп, 28 иш катталган. Ал эми 2023-жылы жалпы республика боюнча никеге туруу үчүн кыз уурдаган 12 учур укук коргоо органдары тарабынан каттоого алынган.
Статистикалар өлкөдө кыз ала качуу боюнча абал жакшырып баратканын көрсөтүүдө. Бирок беренелердин баарын алып караганда аялдарды уурдоо жана мажбурлап никеге тургузуу фактылары айырмаланышы мүмкүн. Жогоруда белгилегендей, 2021-жылы аялдарды уурдоого байланыштуу төрт берене боюнча жалпы 560 учур катталса, алардын ичинен 244ү 172-берене “Никеге туруу максатында ала качуу” беренесине байланыштуу болгон.
Ар бир сегизинчи иш гана сотко өтөт
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2018-жылдан бери 775 иш катталса, алардын 96сы гана сотко өткөн. Башкача айтканда, ар бир сегизинчи иш гана сотто каралат.
Орто билимдүү, жумушсуз…
2020-жылы 23 жаштагы Алинаны Байгазы аттуу адам ала качууга аракет кылган. Байгазы өзү ошол убакта 38 жашта болчу. Бишкектин көчөлөрүнүн биринен Алинанын алысыраак таанышы келип, унаага отургузуп кийин “иниме турмушка чык” дегенин укканда эмне кыларын билбей калган.
Көп өтпөй Алинанын туугандары сотко арыз жазып, Байгазы, досу жана эжеси кармалган.
Act.sot.kg сайтында Алинага окшогон кыздарды уурдаган эркектердин жалпы өзгөчөлүктөрү бар экенин байкоого болот.
Жаза берилет, бирок баарына эмес
2018-жылдан 2023-жылга чейин 52 ачык сот чечимин изилдеп чыгып, тогуз гана адам кылмышы үчүн реалдуу жаза алганын аныктадык. Алар: алты айдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланышкан.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда кыз ала качуу оор кылмыштардын катарына кирет. 172-беренеге ылайык, кызды уурдоо жана никеге турууга мажбурлоо 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.
Эмне үчүн ала качууну түп тамырынан бери жоюу зарыл?
Жогоруда белгиленгендей, кыздарды никеге туруу үчүн уурдоо фактылары азайган. Бирок таптакыр жок болуп кеткен эмес.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, ала качуунун курмандыгы болгондор психикалык жана моралдык жактан запкы чегет.
Буга чейин Кыргызстанда 27 жаштагы Айзада Канатбек кызы жана 19 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын уурдалып, өлтүрүлүшү “ала качууну” таптакыр актоого болбой турганын көрсөткөн мисалдар болгон.
Ошондуктан бир катар эл аралык жана адам укуктарын коргогон уюмдар никеге туруу үчүн аял урдоону “кылмыш” деп гана кароого жана аны актабоого чакырып келишет.