“Ала качуу биздин салтыбыз”. Депутат Жогорку Кеңештин жыйынында бул сөзү менен кылмышты нормалдаштырды

Жогорку Кеңештин 19-октябрдагы жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев “ала качуу — салт” деген пикирин билдирди. Жыйында мал уурдаган кылмышкерди жазалоо жөнүндө мыйзам долбоору талкууланган. Депутат Дастан Бекешев мал уурдоого кыз уурдоонун жазасына салыштырганда көбүрөөк жаза мөөнөтү сунушталып жатканын билдирген. Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Мейкинбек Абдалиев Бекешевдин суроосуна төмөндөгүдөй жооп берген:

Сиз аял уурдоо деп айтып кеттиңиз. Капа болбоңуз, билсеңиз керек, биздин үрп-адат болчу. “Көпчүлүк биздин ата-бабаларыбыз, ошонун ичинде биз деле, алып качып келдик” деп айтылчу эле. Бирок биз бардыгыбыз эле билебиз да, ал биздин наркыбыз, салтыбыз болгон. Сиз аны менен салыштырбаңыз. Малды уурдап жатат, аялды уурдап алып барып бир жакка сатпайт да. Аны үйлөнүш үчүн”.

“Ала качуу биздин салтыбыз”. Депутат Жогорку Кеңештин жыйынында бул сөзү менен кылмышты нормалдаштырды

“ПолитКлиника” медиасы депутат Мейкинбек Абдалиевдин пикирин анализдеп көрдү.

Мыйзам боюнча кыз ала качуу кылмыш болуп саналат

Мажбурлап никеге тургузуу үчүн уурдоо кылмыш болуп саналат. Ал үчүн Кыргызстандын мыйзамдарында реалдуу абак мөөнөтү каралган. 

Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесине ылайык, никеге туруу үчүн адамды ала качуу беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат. Кыз баланы никеге туруу үчүн ала качкандарга жети жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган.

“Ала качуу биздин салтыбыз”. Депутат Жогорку Кеңештин жыйынында бул сөзү менен кылмышты нормалдаштырды

Ички иштер министрлиги кыз ала качуу салт эмес, кылмыш экендигин, бул үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскерткен маалыматтарды таратып турат.

Ала качуунун курмандыктары

Өлкөдө кыз ала качууга жаза күчөтүлгөнүнө 10 жылдан ашты. 2012-жылдын декабрь айында Кылмыш-жаза кодексине сунушталган тиешелүү өзгөртүүлөр кабыл алынган.  Анда ала качуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилген.

Ал эми Жогорку Кеңештин регламентинин 2-беренсинде жазылгандай,  парламент өзү кабыл алган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөйт.

“Ала качуу биздин салтыбыз”. Депутат Жогорку Кеңештин жыйынында бул сөзү менен кылмышты нормалдаштырды

Ала качуунун курмандыктары 

Бакшы прокурор Курманкул Зулушевдин берген маалыматына караганда,  2021-жылы кызды уурдап, мажбурлап никеге тургузуу боюнча 560 факты катталган. 

Коомчулукта резонанс жараткан окуяларды эске салсак, Бурулай Турдаалы кызы жана Айзада Канатбекова ала качуунун курмандыктары болгон.

2018-жылы май айында ала качуунун курмандыгы Бурулай Турдаалы кызы Жайыл райондук милиция бөлүмүндө ала качкан бала тарабынан бычактап өлтүрүлгөн. Андан кийин ала качкан адам ошол эле жерден өз жанын кыюуга аракет кылган.

Айзада Канатбекованы 2021-жылы апрелде күндүз көчөдө бараткан жеринен уурдап кетишкен. Жыйынтыгында ал дагы киши колдуу болгон.

Жыйынтык: Ала качуу мыйзам деңгээлинде кылмыш деп таанылган. Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев “ала качуу биздин салтыбыз” деген пикири менен кылмышты нормалдаштырды. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты