#ЖерТам: “Мен тууралуу видео тараганда кан басымым көтөрүлдү”. Төрт чакырым катаал жолду басып мектепке барган мугалимдин баяны

Социалдык тармакта кыштын суугунда катаал жолдо төрт чакырым жерди жөө басып мектепке бараткан мугалимдин видеосу тараган. Бул видеодогу мугалим Каныкей Ыдырысова 34 жылдан бери ушул жолду аба ырайынын ысыгына, суугуна карабастан балдарга билим берүү үчүн жөө басып өтөт. Бул жер Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ничке-Суу айылынан Терек-Суу айылынын мектебине бет алган жол.

#ЖерТам: “Мен тууралуу видео тараганда кан басымым көтөрүлдү”. Төрт чакырым катаал жолду басып мектепке барган мугалимдин баяны

“ПолитКлиника” медиасы сиздерди ушул жолдун катаалдыгын, узактыгын, кооптуулугун 34 жылдан бери жон териси менен сезип келе жаткан мугалимдин жашоосу менен таанышты.

Каныкей Ыдырысова Акун Турганбаев атындагы “Терек-Суу” орто мектебинде башталгыч класстарга сабак берет. Ал жолдошу Бекболот Акалов менен беш баланы тарбиялап, өстүргөн. Учурда балдарынын айрымдары окуп, кээ бирлери иштеп, өздөрүнүн жашоосу менен алек. Каныкей Ыдырысова жолдошу менен эки небересине тарбия берип, ушул үйдө түтүн булатып келишет.

#ЖерТам: “Мен тууралуу видео тараганда кан басымым көтөрүлдү”. Төрт чакырым катаал жолду басып мектепке барган мугалимдин баяны

Каарманыбыз бир туугандарынын 70 пайызы мугалимдик кесиптин ээлери экенин айтты.

Мен өзү кошуна айылда чоңойгонмун. Он үч бир тууганбыз. Ата-энем жөнөкөй карапайым адамдар болгон. Атам өзү шартына байланыштуу окубай калган экен. Бардыгыбызды билимдүү болгула деп жогорку окуу жайларга окуткан. 13 бир туугандын ичинен 70 пайызыбыз мугалимдик кесипти тандаганбыз. Айрымдары башка кесиптин ээси. Мен бул кесипти мектепте окуп жүргөндө эле тандагам. Ал убакта 8-классты бүтүп, окууга тапшырат элек. Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайына тапшырып, аны ийгиликтүү бүтүрүп, ушул айылга турмушка чыктым. 1989-жылдан бери ушул мектепте иштеп келем. 34 жылдан бери ушул жолду кесип жүрөм. Менин жаштыгым, өмүрүм ушул жолдо өтүп келе жатат. 34 жылдын ичинде ар түрдүү кыйынчылыктар болду. Кээде кызыктуу окуялар болду”, — дейт ал.

#ЖерТам: “Мен тууралуу видео тараганда кан басымым көтөрүлдү”. Төрт чакырым катаал жолду басып мектепке барган мугалимдин баяны

Ал жолдогу түйшүктөрдөн улам мугалимдик кесипти таштап башка тармакта иштейин деген ойлору болгонун айтат: 

Жамгырда, селде, бороондо келатканда башка эле шаарга барып, элге окшоп бизнес кылып же болбосо башка ишке орношсом деп өзүнчө кыялданам. Бирок окуучуларды эстеп, кайра мектепке жөнөйм”, — дейт мугалим.

Социалдык тармакта анын видеосу талкууга алынганда кыжаалат болгонун дагы белгилеп өттү.

Видео социалдык тармакка чыгып кеткенин өзүм деле билбей калдым. Досторума, шаардагы классташтарыма, туугандарыма кар жааганда мен ушинтип жолдо кетип жатам, бизге ушинтип кар жаады деп тартып жөнөтүп койдум эле. Эртеси Фейсбукка жарыяланып кетиптир. Окуп алып аябай кыжаалат болдум. Себеби, 34 жыл иштеп эч кимге арызданган деле эмеспиз. Өзүбүздүн кесибибиз деп эле иштеп келгенбиз. Анан Фейсбукка чыгып кетсе бирөөлөргө арыздангандай болуп сезилди. Кыжаалат болуп, кан басымым көтөрүлүп, тамак да ичким келбей аябай өзүмдү башкача сездим. Анан кайра социалдык тармакка башка мааниде деле видеолор чыгып жатпайбы деп ойлондум”, — деди.

Каныкей Ыдырысова жолдо көптөгөн кыйынчылыктарга туш болорун билдирди.

“Бул жолдо көптөгөн кыйынчылыктарга туш болосуң. Кээде жамгырда, карда, бороондо калып калабыз. Бир кызыктуу окуяны ушул жерден айтып берейин. Жамгыр жаап жатканда чыксам, бул жерден аябай сел агып жатыптыр, адам өтө албайт. Жарым саат өтө албай турдум. Жарым сааттан кийин машина келип, үйгө барсам башыман ылдый суу болуптурмун”, — деди Ыдырысова.

Бул катаал жолду жалгыз мугалимдер эле эмес, окуучулар дагы басып өтүшөт. 

Акун Турганбаев атындагы “Терек-Суу” орто мектебинин директору Жыргалбек Турганбаев Ничке-Суу айылынан Терек-Суу айылынын мектебине 27 окуучу, 8 мугалим келерин айтты. 

#ЖерТам: “Мен тууралуу видео тараганда кан басымым көтөрүлдү”. Төрт чакырым катаал жолду басып мектепке барган мугалимдин баяны

Оор кырдаалдар күнүгө кайталанып келет. Кар калың жааган мезгилде окуучуларды окуудан бошотууга уруксат берилет. Бирок электр жарыгы өчүп калып, байланыш жок, окуучулар жолго чыгып алышат”, — деди ал.

Мугалим Ферида Мамакова Каныкей Ыдырысова кесиптештерине үлгү көрсөтүп, насаат сөздөрүн айтып келерин, аны менен 32 жылдан бери чогуу иштеп келе жатканын айтты.

#ЖерТам: “Мен тууралуу видео тараганда кан басымым көтөрүлдү”. Төрт чакырым катаал жолду басып мектепке барган мугалимдин баяны

Каныкей Ыдырысованын жолдошу Бекболот Акалов ишке баратып кыйналган учурларда иштебей эле кой деп айтарын билдирди. Бирок жубайы өзүнүн жакшы көргөн кесибин башка кесипке алмаштыра албай турганын айтты.

#ЖерТам: “Мен тууралуу видео тараганда кан басымым көтөрүлдү”. Төрт чакырым катаал жолду басып мектепке барган мугалимдин баяны

Мугалимдин жөнөкөй бир күнү үй тиричилиги, жогоруда көрсөтүлгөн узак, катаал, кооптуу жолду басып өтүп, балдарга билим берүү, мал жайгаруу, неберелерине, жолдошуна көңүл буруу менен аяктайт.

#ЖерТам: “Мен тууралуу видео тараганда кан басымым көтөрүлдү”. Төрт чакырым катаал жолду басып мектепке барган мугалимдин баяны

Бул материал «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен даярдалды. Мазмуну «ПолитКлиника» медиасынын жоопкерчилиги болуп саналат жана «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын билдирбейт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты