ЖерТам: Кыргызстанда ар 11 кыздын бирөөсү 18 жашка жетпей турмуш курат

Кыргызстанда 2016-жылы жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам долбоору кабыл алынган. Ага ылайык, диний жөрөлгө менен нике кыюуга жол берген тараптар үч жылдан беш жылга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылып, бул мыйзам өлкөдөгү аялдарга байланыштуу бир топ көйгөйлөрдү алдын ала турганы айтылган. 

“ПолитКлиника” медиасынын журналисттери мыйзам кабыл алынгандан кийин өлкөдөгү эрте никеге туруу фактылары кандай өзгөргөнүн анализдеп көрдү. 

Беш жылда миңге жакын өспүрүм кыз турмуш курган

Кыргызстанда турмуш куруунун расмий нике курагы 18 жаш деп белгиленген. Бирок бул норма дайыма сактала бербейт. 

Шахзада 18 жашка чыга электе турмуш курган кыздардын бири. Ал 9-классты бүтөр замат айылдашы сөйкө салып, үйлөнүүнү сунуштаган:

“9-классты бүткөндөн кийин окууга тапшырган жокмун. Ошол убакта 15 жашта элем. Айылдаш жигитим Орусиядан келип үйлөнүп алалы деди. Жашым жете элек экенин баары билчү. Көп өтпөй кыргыз салты менен кыз узатуу кылып, кафелердин биринде той өткөрдүк. Биздин айылдык эмес, башка эле даабатка келген молдону алып келип нике кыйдырышты. Бир жыл өтпөй боюма бүтүп, ошондо баары билинди”, — дейт Шахзада.

Бул Кыргызстанда акыркы жылдары катталган “эрте никеге туруу” боюнча белгилүү болгон жалгыз окуя эмес. 

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын маалыматына ылайык, акыркы беш жыл ичинде Кыргызстанда эрте никеге туруу боюнча 911 факты катталган. 

Изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстанда кыздарды эрте никеге тургузуунун масштабы расмий катталган учурларга салыштырмалуу көбүрөөк болушу мүмкүн. Бул никелердин расмий катталбагандыгы жана жашыруун болгондугу менен байланыштуу.

Алсак, 2018-жылдагы изилдөөдө Кыргызстандагы аялдардын 13%ы  өспүрүм кезинде турмуш кура турганы айтылат. Бул ар 11 кыздын бирөөсү 18 жашка чыкпай туруп турмуш курат дегенди билдирет.

Бирок расмий катталган фактылар да дээрлик өз максатына жетпейт.

Ар бир үчүнчү иш гана сотко өтөт

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2018-жылдан бери катталган 911 иштин 360ы гана сотко жеткен. 

Ал эми эрте никеге мажбурлоо боюнча калган 551 иш (КР Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренесине ылайык) кыскартылган жана токтотулган.

Башкача айтканда, эселектерди эрте никеге тургузуу фактыларынын жарымынан азы сотко жетет. 

Сотто кандай жазалар берилет?

КР Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) боюнча сотко жеткен иштер кандай жазалана турганы тууралуу ачык булактардан маалымат табуу дээрлик мүмкүн эмес.

Биз Кыргызстандагы эрте турмуш курууга мажбурлоо фактыларын тереңирээк изилдөө  жана мыйзамдар кандай иштеп жатканын билүү үчүн act.sot.kg сайтындагы акыркы 5 жылда катталган сот өкүмдөрүнө анализ кылып көрдүк.

2019-жылдан бери Кыргызстанда жашы жете электерди турмуш курууга мажбурлоо боюнча 210 иш сотко өткөн.

ЖерТам: Кыргызстанда ар 11 кыздын бирөөсү 18 жашка жетпей турмуш курат

act.sot.kg сайтындагы сот иштеринин анализине ылайык, 2019-жылдан бери 210 ишке кылмыш иши козголгону менен дээрлик бардыгы “пробациялык көзөмөл” менен жазадан кутулуп кетишкен.

ЖерТам: Кыргызстанда ар 11 кыздын бирөөсү 18 жашка жетпей турмуш курат

Алардын арасынан, өспүрүм кыздарды никеге тургузууга айыпталган 23 адам Улуу Ата мекендик согуштун 100 жылдыгына жана Апрель Элдик революциясынын 10 жылдыгына карата жарыяланган мунапыс менен жазадан бошотулган.

Эмнеге дээрлик эч ким жазаланбайт? 

Биз анализ кылган 210 иште көпчүлүк фактылар кыз кош бойлуу болуп калып, жергиликтүү медициналык мекемелерде каттоого турганда билинген. 

Кылмыш билинип калган учурда эң алгач үйлөнгөн адам жана нике кыйган адам биринчи даражадагы күнөөлүү болот. 

Мындан сырткары, кыздын жана баланын ата-энелери  өспүрүм кызды никеге тургузуу окуяларына түздөн түз катышышкан. 

Кылмыш козголгон фактыларда кылмышка тийиштиги бар адамдар да “пробациялык көзөмөл” менен жаза өтөөдөн бошотулушкан. Алсак, көпчүлүгү үч жылдык мөөнөткө эркинен ажыратылып, 1 жылдык мөөнөт менен бошотулушкан. Ага “тараптардын элдешүүсү”, “билбестиктен кылмыш жасоо боюнча жүйөлөр”, “азыр чогуу жашап жатышат” жана “буга чейин кылмышка тийиштиги болгон эмес” деген сыяктуу жүйөлөр себеп болгон.

Белгилей кетсек,  Кылмыш-жаза кодексинин 19-беренесине ылайык,  “Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу” беренеси (175 ред.) анча оор эмес кылмыштардын катарына кирет. 

Ошондуктан Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесине ылайык,  пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу кеңири колдонулат.

Эмне үчүн эрте никеге турууну түп тамырынан бери жоюу зарыл?

ЮНИСЕФтин «Дүйнөдөгү балдардын абалы-2021» отчетуна ылайык, жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 12 миллиондон ашык кыз 18 жашка чейин турмушка чыгууга аргасыз болот. Бул ар бир эки секундада бир кыз турмушка чыгат дегенди билдирет.

Бул жагдай кыздардын билим алуусунун чектелүүсүнө, экономикалык кыйынчылыктардын жаралышына түрткү бере турганы баса белгиленет.

Мындан сырткары,  АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун изилдөөсү көрсөткөндөй, 18 жашка чейин турмушка чыккан кыздар бойго жеткенде турмушка чыккан аялдарга караганда өнөктөштөрүнөн физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылышы эки эсе жогорулатат.

Ошондуктан бир катар эл аралык жана адам укуктарын коргогон уюмдар эрте никеге турууну түп тамырынан бери жоюга  жана аны актабоого чакырып келишет. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты