#ЖерТам: Келгин куштардын азайышы: экологиялык кесепеттер жана жай тургундардын күрөшү  

#ЖерТам: Келгин куштардын азайышы: экологиялык кесепеттер жана жай тургундардын күрөшү  

2018-жылы Кыргызстандын Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги Соң-Көл, Чатыр-Көл жана Ысык-Көл биосфералык аймагын байырлаган келгин куштардын саны көбөйгөнүн билдирген

Ошого карабай экологдор бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда келгин куштар үчүн жагымдуу шарттар түзүлбөгөнүн айтып келишет. Бул маселе көп учурда көз жаздымда калтырылса да, келгин куштардын азаюусу өлкөдөгү экологиялык абалдын негизги көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат. 

Ысык-Көлдөгү келгин куштардын азаюусунун себептери

Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун лаборатория башчысы Аскар Давлетбаков Ысык-Көлдү байырлаган жана миграцияга келген куштардын санынын азаюусуна үч нерсе себеп болуп жатканын айтат.

#ЖерТам: Келгин куштардын азайышы: экологиялык кесепеттер жана жай тургундардын күрөшү  
Аскар Давлетбаков

Биринчиси — Ысык-Көлдү бойлой курулуп жаткан пансионаттардын санынын өсүшү. 

1970-1980-жылдары Ысык-Көлгө келип байырлаган куштардын саны 100-150 миңдин тегерегинде болчу. Бирок 1990-жылдардан баштап куштардын саны 50-60 миңге чейин азайып кеткен. Бул биринчи кезекте адамдын ишмердүүлүгү менен байланыштуу. Адамдар Ысык-Көлгө керектөөчү көз караш менен гана карап, коргоону көп ойлонушпайт. Келгин куштардын санынын азайып кетишине таасир эткен чоң фактор бул жылдар аралыгында жээктерге чоң пансионаттардын курулушу болду. Анткени пансионаттардан чыккан саркынды суулар жана химиялык заттар түздөн-түз сууга түшөт”, — деди Давлетбаков. 

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2022-жылы Ысык-Көл облусу боюнча 550 эс алуу мекемеси жана 322 мейманкана кызмат көрсөткөн. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын айтымында, Ысык-Көл облусундагы пансионттардын 87%ында саркынды сууларды тазалоочу жайлары жок. Бул өз учурунда кир жана саркынды суулардын көлгө куюлуусун шарттоодо.

Аскар Давлетбаков белгилегендей, көзөмөлсүз балык уулоонун көбөйүшү дагы келгин куштардын азаюсуна себеп болууда. Себеби, балыкчылар сууга таштап кеткен торго бир гана балыктар эмес, куштар дагы түшөт. 

#ЖерТам: Келгин куштардын азайышы: экологиялык кесепеттер жана жай тургундардын күрөшү  
Ак-Булуң коругу, Кара-Талаа айылы

Үчүнчү себеп — жашоочулар менен кошо мал-жандыктын санынын дагы өсүп жатышы. Анткени алар келгин куштар корголоочу жээктеги камыш өсүмдүктөрдү, бадалдарды жеп же талкалап коюшат.  

#ЖерТам: Келгин куштардын азайышы: экологиялык кесепеттер жана жай тургундардын күрөшү  
Ак-Булуң коругу, Кара-Талаа айылы

“Келгин куштарды коргоого албаса, Арал деңизинин тагдыры кайталанып калышы мүмкүн”

Экологдун айтымында, келгин куштардын азаюусу экологиялык маселелердин көбөйгөнүнүн көрсөткүчү.

“Келгин куштар — көлдөгү экологиялык жагымдуулуктун индикаторлору. Эгерде бир куштун саны азайып кетсе, экологиялык көйгөй жаралып, абал начарлап жатканын түшүнүүбүз керек. Көлдүн айланасындагы биотоптор бир абалдан экинчи абалга өтүп турат. Мисалы, эгерде адамдар көлдүн айланасын коргобосо, чөлгө айланып кетиши мүмкүн. Бул учурда буулануу көп болуп, суунун көлөмү азая баштайт. Бара-бара көл жоголуп Арал деңизинин тагдыры кайталанышы мүмкүн”, — деп билдирди Аскар Давлетбаков. 

Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун изилдөөсүнө ылайык, акыркы 21 жыл аралыгында Ысык-Көлдө байырлаган куштардын санында өзгөрүү болгон. 

Мисалы, 2000-жылы көлдө байырлаган кара моюн арам өрдөктүн саны 5142 болсо, 2021-жылы 1534кө чейин азайган. Кыштоого келген жапайы өрдөктөрдүн саны бир аз өсүп, бирок курулдак куу, кичи арам өрдөк жана түндүк каздын саны азайган. 

“Кызыл китептин көлөмү экологиялык кесепеттердин көрсөткүчү” 

#ЖерТам: Келгин куштардын азайышы: экологиялык кесепеттер жана жай тургундардын күрөшү  
Сапаш Касиев атындагы зоологиялык музей

Бишкекте көпчүлүк биле бербеген зоологиялык музей бар. Улуттук илимдер академиясына караштуу Сапаш Касиев атындагы зоологиялык музейди Сейитказы Сагынбаев жетектейт. Касиевдин айтымында, музейде Ысык-Көлдү байырлаган жана кыштаган куштардын бардык түрүн көрүүгө болот. Бирок музейдеги экспонатын гана!

“Кызыл китеп 2007-жылы чыккандан кийин ага башка жаныбарлар менен бирге куштар да киргизилди. Мисалы, тоо казы мурда Соң-Көлдү жана Чатыр-Көлдү уялачу. Кийин ал Соң-Көлдү байырлабай калды. Анткени адамдардын ишмердүүлүгү бул нерсеге терс таасир этип, бул каздар уялаган аралдар жок болуп кетти. Азыр экспонаты биздин музейде бар”.

#ЖерТам: Келгин куштардын азайышы: экологиялык кесепеттер жана жай тургундардын күрөшү  
Сапаш Касиев атындагы зоологиялык музей

Сейитказы Сагынбаев экологияны коргоого өкмөт түздөн-түз кызыктар болушу керек экенин айтат. Эгер андай болбосо көп жаныбарларды сактоо кыйынга турат.

“Экосистема бири-бири менен тыгыз байланышта. Эгерде бир куш таптакыр келбей калса, башкаларына таасир этиши мүмкүн. Ал эми куштардын келүүсү үчүн жакшы шарттарды түзүш керек. Буга өзгөчө бийлик көңүл буруп, жаныбарларды сактоого кызыктар болуусу абзел. Бул нерсеге Кызыл китеп көрсөткүч болот. Эгерде Кызыл китеп жоон болсо, демек, ал жерде экологиялык көйгөйлөр курч дегенди билдирет” , - деди Сейитказы Сагынбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда өкмөттүн токтому менен Кызыл китепке канаттуулардын 57 түрү киргизилген. 

#ЖерТам: Келгин куштардын азайышы: экологиялык кесепеттер жана жай тургундардын күрөшү  
Ак-Булуң коругу, Кара-Талаа айылы

Ысык-Көлдө куштарды көбөйтүүнү көздөгөн Эрмек

Кыргызстан боюнча жаныбарларды коргогон 10 мамлекеттик корук бар. Алардын ичинен экөө гана куштарды коргоого багытталган. Мындан тышкары, куштарды коргоо боюнча өз алдынча демилге көтөрүп келе жаткан жарандар бар. Алардын бири Эрмек Шабыкеев.

Ал 2019-жылы Ысык-Көл облусунун Кара-Талаа айылындагы Ак-Булуң аралын корукка алып, келгин куштарга кам көрө баштаган. Учурда аталган корукту 500 ашык ак-куу жана 2000 ашык өрдөк байырлайт. 

Эрмектин айтымында, аралда куштардын кескин азайып кеткени аны тынсчыздандырып, аларга кам көрүүгө дем берген. 

Авторлор: Эркайым Асанканова, Чынаргүл Жумабекова, Гулиза Урустамбек кызы

Бул материал «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен даярдалды. Мазмуну «ПолитКлиника» медиасынын жоопкерчилиги болуп саналат жана «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын билдирбейт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты