#ЖерТам: Айылда конок үйүн ачкан тургундар: Бизнестин жаңы багыты же туризмдин табиятка ыкташы
- 5 месяцев мурун
- Баяндар, Фоторепортаж
Көк-Таш айылы Баткен облусундагы алыскы аймактардын бири. Бул айылга баруу үчүн Раззаков шаарынан 1,5 сааттай жол жүрүүгө туура келет. Шагыл жол жана кокту-колотту аралап бара жатып, “бул жерге жергиликтүү жашоочулардан башка эч ким деле келбесе керек” деген ой келет. Бирок аталган айылдын тургуну Убадат Исакова үй-бүлөсү менен Көк-Таш айылын туристтерге жана меймандарга ачык кылууга аракет кылып жаткан чагы. Бул үчүн алар өз үйүн мейманканага айландырууга бел байлашкан.
Биз бул фоторепортажда туризмдин өзгөргөн багыты, Bulbal сервиси жана тургундардын үмүттөрү тууралуу баяндап беребиз.
Кыргызстандагы ички жана сырткы туризм көйгөйлөрү
Кыргызстан кооз жаратылышы жана көпчүлүктү кызыктырган жашоосу менен туристтерге кызыктуу өлкө экени байма-бай айтылып келет. Бирок туризм багытында дале болсо көйгөйлөр арбын.
Алсак, 2017-жылдагы изилдөөгө ылайык, Кыргызстан өзүнүн туристтик потенциалын 15-20%га гана колдонот. Ошондуктан жакын жайгашкан Өзбекстан, Казакстан жана Түркия сыяктуу өлкөлөрдөн артта калып жатканы белгиленген.
Мындан сырткары, Кыргызстандагы туризмдин негизги багыты Бишкек шаары жана Ысык-Көл облусу деп эсептелип, көпчүлүк мейманканалар шаар жерлеринде курулат.
(2023-жылга карата республика боюнча жалпы мейманканалардын саны)
Башка облустар боюнча алып караганда да айыл жерлеринде ички жана сырттан келген туристтерге багытталган мейманкана же туристтик мекемелер дээрлик жокко эсе.
Дал ушул маселе Кыргызстанда Bulbal.space аттуу сервистин жаралышын шарттаган.
“Чоң энемдин каза болуп калганы, айылдарга конок үйүн ачууга түрткү берди”
Bulbal.space айыл жерлеринде тургундарга өз үйүн мейманканага айландыруу жана киреше табууга көмөктөшүүчү платформа катары 2023-жылы июнь айында ишке кирген.
Анын негиздөөчүсү режиссер Бакыт Асылбек уулу Bulbal сервиси айылдагы тургундарага позитивдүү жашоо үчүн мотивация берүүгө багытталып, аны ачууда өз тажрыйбасына таянганын айтат.
“Мен айылда чоң апамдын колунда өскөнмүн. Чоң апам өзү өмүр бою мал багып, жер иштетип жүргөн аял эле. Кийинчерээк мен окууга кеткенде айылда жалгыз болуп калды. Оюмда окууну бүткөн соң көп жакшы нерселерди жасап берсем дегем. Бирок мен окуумду бүткүчө апам кокустан каза болуп калып, айткан көп нерселеримди ишке ашыра албай калдым. Ушул окуядан кийин көпкө ойлонуп, айылдагы адамдар жашы өйдөлөгөн сайын өзүн керексиз сезип, эрте карып, көп ооруга чалдыгып калат экен деген тыянакка келгенмин. Ошондуктан өзүм өскөн Нарындагы Байказак айылынан баштап, Кыргызстандын ар бир айылында тургундар өздөрү мейманкана ачса деп кыялдана баштадым. Анткени аларда мотивация пайда болуп, өздөрү киреше таба башташса, бул аларга позитивдүү жашоо үчүн өбөлгө түзөт”, — деди Бакыт.
Бул ойлордун аркасы менен Бакыт эки жыл план түзүп, андан кийин айылдарды аралай баштаган.
“Чынын айтсам, тейлөөнүн европалык түрү мага көп жакчу эмес, жасалма сезиле берчү. Ал эми тойго же туугандарга барганда кыргыздын салттары, конокко кылган мамилелери абдан жагат эле. Ошондуктан “ар бир кыргыздын үйү — мейманкана” деген принцип жана “канча бут кирсе, ошончо кут кирет” деген философия менен айылдарды кыдыра баштадым. Тургундарды чогултуп, үйлөрүн конокторго даярдоо боюнча түшүндүрмөлөрдү бердим. Көбү кызыгып, жолугушууларды уюштуруп, бат эле иштешип кеттик”, — дейт Бакыт Асылбек уулу.
Бакыт өз командасы менен июнь айынан бери Кыргызстан боюнча 230га жакын үйдү мейманкана катары ачууга жетишкен. Алар тургундардын үйлөрүнө барып, кеңештерин берип, меймандарга ыңгайлуу шарттарды жаратууга аракет кылышкан. Bulbal.space’тин маалыматына ылайык, тургундар өз үйүн мейманкана катары иштетете баштаган үч ай ичинде орточо 20 миң сомдон киреше табышкан.
Бакыт айыл жерлериндеги тургундар киреше таба баштагандан кийин жашарып, дагы мотивациялары күчөгөнүн белгилейт. Бул аны келечекте Кыргызстандын ар бир айылында мейманкана ачууга шыктандырганын айтат.
“Биз алыскы, туристтерге таптакыр шарт түзүлбөгөн айылдарга эч ким деле барбаса керек деп ойлочубуз. Бирок бар болсо ички жана сырттан келген туристтер барышат экен. Ошондуктан келечекте Кыргызстандын ар бир айылында мейманкана ачуу кыялыбыз бар”, — дейт ал.
Bulbal.space’тин Бакыт Асылбек уулу баштаган командасы акырындап өз максаттарына жете башташкан сыяктуу. Анткени борбордон алыс жайгашкан Баткен облусунун бир канча айылында тургундар өз үйлөрүн мейманкана катары ачуу үчүн аракет кылып жаткан чагы.
“Коноктор келсе, үй таппай кыйналышат. Ошого биз өз үйүбүздү ачтык”
Bulbal.space’тин жардамы менен каарманыбыз баткендик Убадат Исакованын үй-бүлөсү дагы өз үйүн мейманкана кылууну чечкен.
Жарым кылымдан ашуун Көк-Таш айылында жашап келе жаткан Убадат Исакова айылына ички же тышкы туристтердин агымы көбөйсө, баары үчүн жакшы болмок деген пикирде:
келип турушат. Анан быйыл жай айында Bulbal сервиси тууралуу жыйындардын биринен угуп калдык. Алар үйлөрдүн сүрөтүн жөнөтүш керек экенин айтып калышты. Айылдагы үйлөрдү мейманкана кыла турганга ыңгайлууларын тандап жатышкан экен. Арасында биздин үй да кошулду. Чынын айтсам, өзүм конок тосконду абдан жакшы көрөм. Анан көп учурда биздин айылга тууганы же таанышы жок болуп келип калган адамдар жашаганга жер таппай кыйналган учурларга күбө болгом. Ошол учурларда өз үйүмө чакырып, бир канча ирет конок кылдым. Эми үйүбүздү мейманкана кылып ачып алсак, биздин айылга келе турган адамдардын саны көбөйүп, айылыбызга да көп пайдасы тиет деп ойлойм”.
Ал бул ойлордун аркасы менен өзүнүн үйүн мейманкана кылуу үчүн даярдай баштаган. Анын бул пикирин үй-бүлөсү толугу менен колдогон.
“Идея апамдан чыкты, аны үй-бүлөбүз менен колдодук”
Умсунай Дүйшөбай кызы Убадат Исакованын кызы. Ал айылда ата-энеси жана эки кызы менен чогуу жашайт. Апасы Убадат мейманкана ачуу тууралуу идеясын айтканда бул ойду үй-бүлөсү менен колдошконун белгиледи.
“Апам өзү аябай активист аял. 2007-жылдан бери айылдагы Ден-соолук комитетинде иштейт. Ошондой эле 2016-жылы жергиликтүү кеңешке депутат болуп шайланып, жети жылдан бери ал жакта да иштеп келет. Анан апам биздин айылда мейманкана жок экенин, Bulbal деген платформа бар экенин айтып калды. Үйүбүздү мейманкана кылуу жана конокторду тосуу тууралуу пикирин айтканда биз кубануу менен кабыл алдык. Азыр үйдү даярдап койдук”, — деди Умсунай.
Умсунайлардын үйүнөн заманбап мейманканалардагыдай шарттарды табуу кыйын. Бирок дал ушундай үйлөрдөн айылдын чыныгы жашоосун жана табиятты сезе билүүгө болот.
Тоо боорундагы Көк-Таш айылы
Убадат Исакова айткандай, Көк-Таш айылы чын эле кооз. Ал эми айылдын төрүндөгү тоолор бул жерлерге өзүнчө сүр бергенсийт.
Жергиликтүүлөрдүн айтымында Көк-Таш айылы Тажикстанга жакын жайгашкан. Коңшу мамлекет менен ортосундагы аралык 60 чакырымды түзөт. Кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу кагылышуу учурунда бул айыл көп жабыркабаса да элди бир топ сестенткен.
Ал эми азыр абал тынч. Көчөдөгү балдардын оюну жана мал жандын добушу бул жерди Кыргызстандын башка айылдарындай эле тазалыктын жана табияттын кучагына бөлөйт.
Көк-Таш сыяктуу көпчүлүккө белгилүү болбогон айылдарда конок үйүн ачууга кызыктар адамдар бар экени туризм тармагынын башка нукка багыт алганын айгинелегенсийт.
Жыйынтыктап айтканда, азыркы учурда конок үйүн ачып, биздин айылга да коноктор келсе экен деген тургундардын саны арбын.
Bulbal сервиси
BulBal co-living network space
+996770044001
Исакова Убадат, Көк-Таш айылынын тургуну
+996778095608
Автор: Гулиза Урустамбек кызы