Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти

  • 1 неделя мурун

Бүгүн, 7-октябрда,  Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун, ошондой эле Жогорку соттун судьяларынын катышуусунда жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти.

Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Динара Качкыналиева Бишкек шаардык  сотунун судьясы болуп дайындалды.

Наргиза Кувандыкова Баткен облустук сотунун судьялыгына дайындалды.

Ошондой эле мамлекет башчысынын курагынын чегине жеткенге чейин дайындоо жана судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн төмөнкү судьяларды жергиликтүү сотторго жиберүү жөнүндө жарлыктары чыгарылган:

Ош облусунун Кара-Суу райондук сотуна Гүлзат Усакпаева, Өзгөн райондук сотуна Чынара Саадабаева;

Ош шаардык сотуна Урматбек Абдырахманов, Нурмат Самаков, Алтынай Шаршеева;  

Чүй облусунун Ысык-Ата райондук соту Нурбек Тажибаев, Сокулук райондук сотуна Манасбек Кулмурзаев, Москва райондук сотуна Кубатбек Дубанаев;  

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна Жылдыз Сайдылдаева судья болуп дайындалды.

Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти

Сүрөт: Жогорку соттун басма сөз кызматы  

Иллюстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты