Жергиликтүү сотторго бир катар судьялары дайындалды

  • 6 месяцев мурун

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялары дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан президент Садыр Жапаровдун дарегине айрым жергиликтүү соттордун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн жалпы 9 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров судьялык кызматка 8 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду. Ал эми 1 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, анын материалдары Кеңешке кайтарылды. Президенттин 8 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары чыкты.

Алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

– Баткен облустук соту Апышев Алмазбек Апышевич;

– Ош облустук соту Жаналиева Миргуль Джаныкеевна;

Кара-Суу райондук соту Кемелова Жылдыз Дуйшенбековна;

– Чүй облустук соту: Абдиева Тынара Курмантаевна, Абдырашитов Тилек Арстанбекович;

– Ысык-Көл облустук соту Кокшенова Сымбат Темирбековна Ысык-Көл облусунун административдик соту Абдыкадырова Зарина Омаровна;

– Бишкек шаары Ленин райондук соту Аттокуров Жолдошбек Абдрахманович.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты