Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: Талапкерлерди көрсөтүү иши аяктады

  • 3 дня мурун

Жергиликтүү жана шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү иши 18-октябрда аяктады. Андагы 5391 мандат үчүн 10452 талапкер катышаарын билдирди.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) маалымдады.    

Маалыматта айтылгандай, жалпы 5391 мандаттын 2185и аялдар үчүн бөлүнгөн. Алдыда талапкерлердин документтерин текшерип, аларды каттоодон өткөрүү иши турат.

Шайлоодо 231 айылдык кеңештерде шайлоолор өтөт, 1259 шайлоо округу бар.    

Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалсын деген жарлык кабыл алынды.

Сүрөт: БШК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты