Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөр кирди. Босого 5 пайызга төмөндөтүлдү

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.

Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 27-июнунда кабыл алынган.

Үгүт мезгилинде, шайлоочулардын тизмесине, саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесине, шайлоо участокторуна (ар бир участокко 3000ден ашпаган шайлоочу), добуш берүү тартибине (аралыктан, электрондук добуш берүү), шайлоочулардын добуштарын эсептөөгө, добуш берүүнүн корутундусун чыгарууга жана шайлоонун жыйынтыктарын аныктоого коюлган талаптарды иретке келтирүүгө, саясий партиялардын депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө жетүүсү үчүн шайлоо босогосун 7 %дан 5 %га төмөндөтүүгө багытталган оңдоолор каралган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты