Жерге менчик укук эми кадастрдык план менен тастыкталат

  • 5 дней мурун

Кыргызстанда жерге болгон менчик укугун тастыктаган «кызыл» жана «жашыл китептер» мындан ары берилбейт. Алардын ордуна QR-коду бар кадастрдык план берилет. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография агенттигинин директору Эрнисбек Зарнаев билдирди.

Анын айтымында, мындай өзгөртүү 2025-жылы кабыл алынган жаңы Жер кодексинде каралган. Кадастрдык план берилгени менен жарандардын жерге болгон жеке менчик укугу өзгөрбөйт.

Эрнисбек Зарнаев «кызыл китепти» кайра берүү үчүн Жер кодексине өзгөртүү киргизүү зарыл экенин белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты