Жер мунапысы алкагында 546 гектар трансформация болду

  • 1 год мурун

Кыргызстанда былтыр жарыяланган жер мунапысы алкагында бүгүнкү күнгө карата 546 гектар жер трансформация болду. Бул тууралуу 22-февралда Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан 89 миңден ашуун арыз түшкөн, аларды райондук акимчиликтерде түзүлгөн атайын комиссиялар карап жатышат. Соңку маалымат боюнча, 12 миң 441 техникалык паспорт берилди.

2021-жылдын 18-ноябрында Бишкектин четиндеги конуштардын биринде жашаган тургундар Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгып, жер тилкелерин мыйзамдаштырууну талап кылышкан. Алар менен жолуккан президент Садыр Жапаров тийиштүү адистер менен иш жүргүзүлүп жатканын, бул процессти 2022-жылдын 1-апрелине чейин жыйынтыктоо керектигин белгилеген жана мындан ары жер басып ала тургандар болсо жоопко тартыларын айткан.

Натыйжада «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» деген мыйзам ошол жылдын 17-мартында Жогорку Кеңеште кабыл алынып, 5-апрелде ага президент кол койгондон кийин күчүнө кирген. Мыйзам 2021-жылдын 1-декабрына чейин үй салынып калган жер тилкелерин камтыйт.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, жер мунапысы алкагында 142 миң 337 тилке, башкача айтканда, 29 миң 872 гектар жер трансформация болору каралган.

Кыргызстан боюнча миңдеген гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен чынында там салынып, конуштар пайда болгон. Алардын көбүн 2010-жылы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберишкен.

Мындан тышкары Кыргызстанда 2021-жылы 15-августта «Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, 1,5 миң гектар жерге документ берилери айтылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты