“Жерүй” кенинде эмне үчүн Кыргызстандын үлүшү 0 пайыз?”. “Альянс Алтын” ишканасы 2015-жылдагы сынактын шарты ушундай болгонун билдирди

Фейсбук колдонуучусу Чинара Айтбаева социалдык тармактагы баракчасына “Мамлекет колундагы алтынды жеке компаниядан сатып алабы?” деп жазган. “Улуттук банк бул чынбы? Улуттук банк “Альянс Алтындан” канчага алтын сатып алат? Кыргыз Республикасынын жер казынасы элдики эмеспи? Мамлекет колундагы алтынды жеке компаниядан сатып алабы? Ал эмнени билдирет?” — деп жазды. Ал ошол билдирүүсүнүн комментарийинде “ПолитКлиника” медиасына кайрылды. Анда Чинара Айтбаева Жерүй кенинде эмне үчүн өлкөнүн үлүшү 0 пайыз деген суроо койгон. 

“Жерүй” кенинде эмне үчүн Кыргызстандын үлүшү 0 пайыз?”. “Альянс Алтын” ишканасы 2015-жылдагы сынактын шарты ушундай болгонун билдирди

“Жерүй” алтын кени тууралуу маалыматтар

Талас облусунда жайгашкан “Жерүй” алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлүп, запасы аныкталган. Ага ылайык кенде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар экени кабарланган. 2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Мындай укук орусиялык «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасына тийген. Анын карамагында «Альянс Алтын» ишканасы түзүлгөн. Ишкананын аталган кенди иштетүүгө укук берген лицензиясы 2035-жылга чейинки мөөнөткө берилген.

Алтын иштетүүчү комбинаттын ачылышы былтыкы жылдын 17-мартта президенттер Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин катышуусунда өткөн​. Анда Садыр Жапаров “Жерүй” кенинин иши токтобой турганын билдирген.

Акылбек Жапаров Кыргызстандын үлүшү болбой калганын тарыхый ката катары баалаган

Ошол кездеги Экономика жана каржы министри, азыркы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Азаттыкка» маек курганда “Жерүйдөн” Кыргызстан салык жана башка төлөмдөр түрүндө жылына 3 миллиард сомдой алып турмай болуп жатканын айткан. Ал ишканада Кыргызстандын үлүшү болбой калганын тарыхый ката катары баалаган, бирок орусиялык ишкерлер менен түзүлгөн келишимди өзгөртүү мүмкүн эмес экенин белгилеген. 

“Альянс Алтын” ишканасы үлүш боюнча жооп берди

“ПолитКлиника” медиасы Чинара Айтбаеванын суроосу боюнча “Альянс Алтын” ишканасына байланышты.

Аталган ишкана Чинара Айтбаеванын “Жерүй” алтын кенинде өлкөнүн үлүшү эмне үчүн 0 пайыз?” деген суроосуна жооп берди. Ишкана бул 2015-жылдын май айындагы сынактын шарттары болгонун эскертти. 

“Долбоор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын шарттарында Сасык-Булак  айылында катталган ЖЧК «Альянс Алтын» ишканасы тарабынан ишке ашырылууда. ЖМКларда байма-бай белгиленгендей, Жерүй боюнча сынак жарыяланган учурда мурдагы лицензиянын ээси лицензияны жокко чыгарууну эл аралык арбитраждык сотко берип, дооматтардын жана соттук чыгымдардын жалпы суммасы 590 миллион долларга жакын болгон. 2015-жылдын май айындагы сынактын уюштуруучулары жеңүүчүгө соттук териштирүүнү жөнгө салуу милдетин жүктөгөн, бирок конкурстук төлөмдүн өлчөмүн 100 миллион доллар менен чектешкен. «Альянс Алтын» бул милдеттенмелерди өзүнө алган, башкача айтканда, Кыргыз Республикасы менен мурунку лицензиаттын ортосундагы талаш-тартыштарды 590 миллион долларлык мүмкүн болгон чыгымдардан бошоткон. Ал эми 2015-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын бюджетине алгачкы 100 миллион доллар түшкөн.

Мындан тышкары, Жерүй долбооруна 410 миллион долларлык капиталдык салымдарды эске алуу зарыл (алтын кен комбинаты ишке кирген учурда). Натыйжада долбоор ийгиликтүү ишке ашууда, ал эми мамлекет долбоорго байланыштуу эч кандай капиталдык жана эксплуатациялык чыгымдарды тартпай, жер астынан алынган кендин ар бир тоннасынан чоң көлөмдөгү киреше алып жатат”, — деп билдиришти “Альянс Алтын” ишканасынан.

Ал эми “Альянс Алтын” алтынды Улуттук банкка сатуу боюнча төмөндөгүдөй жооп беришти. «Альянс Алтын» ЖЧКсы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жалпы режиминде иштеп атат жана компания үчүн өзгөчө режим белгиленген эмес. «Альянс Алтын» алтынды Улуттук банкка  сатуунун себептери төмөндөгүдөй. Сынактын шарттарына жана лицензиянын милдеттенмелерине ылайык, «Альянс Алтын» жер казынасын пайдалануунун негизги шарттарын сактоого жана бир катар милдеттерди аткарууга милдеттүү.

Анын ичинде:

  • Кыргыз Республикасында алтынды аффинаж (тазалоо) жүргүзүү;
  • Улуттук банк жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү баалуу металлдарды сатып алуудан баш тарткан учурда гана “Альянс Алтын” аны үчүнчү жактарга сатууга укуктуу.

Ошону менен катар эле ишкана Кыргызстан бул долбоордон 2015-жылдын июнь айынан бери пайда көрүп жатканын билдирди. 

“Салык жана башка түшүүлөрдүн көрсөткүчтөрү үзгүлтүксүз жарыяланып турат. Жерүй кенин иштетүүгө лицензия алгандан бери «Альянс Алтын» компаниясы Талас районунун социалдык блогун өздөштүрүү, жергиликтүү элге жардам көрсөтүү жана облустун инфраструктурасын жакшыртуу, жумушсуздукту азайтуу багытында иш алып барууда. Кенге жакын жайгашкан айылдардын жана Талас районунун тургундары окутулуп, ишке орношкон. Бул жалпы жумушчулардын 62 пайызын түзөт”, — деп билдиришти.

Жыйынтык: Чинара Айтбаева Фейсбуктагы баракчасы аркылуу “ПолитКлиника” медиасына “Жерүй” кенинде эмне үчүн өлкөнүн үлүшү 0 пайыз деп кайрылган. “Альянс Алтын” команиясы мындай шарт 2015-жылы өткөн сынактын негизинде экенин билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты