“Женго” каза болду деген маалымат тарады. Жактоочусунун жообу

  • 7 месяцев мурун

“Женго” каймана аты менен таанылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадырбек Досонов тергөө абагында каза болгону тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева «ПолитКлиника» медиасына билдирди.

«Кадырбек Досонов каза болду деген маалымат жалган. Учурда ал абакта отурат», — деди ал.

Эске салсак, быйыл 13-январда Ош шаарында топ адам бир кишини арматура менен койгулап жатканы тартылган видео коомчулукта талкуу жараткан. Үрөй учурган бул окуяда бир киши өлүп, дагы бири катуу жабыркаганы маалым болгон. Шаардык милиция адам өлтүрүүнү уюштурууга айыпталган Кадырбек Досонов баштаган беш кишини кармаган. Кийин ушул эле ишке байланыштуу жалпы тогуз шектүү кармалганы белгилүү болгон.

Досонов буга чейин оор беренелер менен айыпталып, бир нече жолу кесилип, кайра эркиндикке чыккан. Соңку ирет аны УКМК 2021-жылдын февраль айында кармаган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Бул окуядан кийин өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтун бир катар мүчөлөрү, анын ичинде Кадырбек Досонов да кылмыштуу топтон, мындай идеялардан баш тартканы айтылган видеолор чыккан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин 23-ноябрдагы жыйынында Кадырбек Досонов кылмыштуу аракетин дагы эле улантып жатканын айтып, ал Оштон Бишкекке которуларын билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты