Жеке менчикке чыгарылган “Детский мир” соода борборунун имараты мамлекетке кайтарылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК мурдагы «Октябрдын 40 жылдыгы» Бишкек тигүү фабрикасынан мамлекеттик менчиктин айрым объекттерин аффилирленген жактар тарабынан Камчы Көлбаевдин (К.Асанбек) пайдасына улуттук мыйзамдарда белгиленген тартипти бузуу менен чыгаруу фактысын аныктады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Козголгон кылмыш иштин алкагында 2004-жылы аталган ишкананын балансынан ошол учурда колдонулуп жаткан мыйзам жол-жоболорун бузуу менен жалпы аянты 13 000 чарчы метр болгон ири өнөр жай объекттери «Рос-Трейд» ЖЧКсынын (азыркы «Детский Мир» соода борбору) пайдасына жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылып, анын директору А.М.С.- А.А. аттуу жарандын ишенимдүү адамы болгон.

Андан ары, 2009-жылы А.М.С. «Детский мир » соода борборунун жалгыз ээси болууну каалап, А.А.дан баш тартып, Камчы Көлбаев (К.Асанбек) менен өнөктөштүк мамиле  түзгөн. Мында «Рос-Трейд» ЖЧКсынын үлүшүнүн 50%ы жана аянты 2900 чарчы метр коммерциялык жайлары бар үч кабаттуу имарат берилген.

 Ал эми 2020-жылы А.М.С. аянты 10 000 чарчы метр болгон  «Детский мир» соода борборунун  имаратын  Н.М.Р. аттуу инвесторго 6 млн. АКШ долларына сатып, келишимге ылайык аталган сумманын 2,3 млн. АКШ доллары Камчы Көлбаевге (К. Асанбек) берилген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Камчы Көлбаевдин (К.Асанбек) аффилирленген жактары менчиктин мыйзамсыз экендигин түшүнүшүп, ыктыярдуу негизде жогоруда белгиленген 3 кабаттуу, аянты 2900 чарчы метр жана наркы 900 млн. сомдон ашык имаратты мамлекеттин балансына өткөрүп беришти.

 Кылмыш ишинин алкагында А.М.С. аттуу жаран кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмышка шектүү катары кармалып, эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча атайын тергөө иштери улантылууда.

Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты