Жээнбековдун тышкы карыз тууралуу билдирүүсү боюнча бир нече медианын өкүлү суракка чакырылды

  • 2 года мурун

 “Азаттык Медиа” мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева жана «Клооп» басылмасынын редактору Ислам Розиев Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгына күбө катары суракка чакырылды.

«Клооп» билдиргендей, алардын өкүлү суракка оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун соцтармактарда мамлекеттик тышкы карызы тууралуу жазган билдирүүсүнө байланыштуу чакырылган. Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, Жээнбеков ал билдирүүсүндө бир нече медиа каражаттарынын, анын ичинде “Азаттык Медиа” мекемесинин жана «Клооптун» маалыматтарын булак катары көрсөткөн.

Белгилей кетсек, бул иш боюнча «Азаттык Медиа» мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева кечээ, 6-июлда дагы Ленин райондук милициясында сурак берип чыккан.

«Азаттык» маалымдагандай, Ленин райондук милициясынын улук тергөөчүсү Тилек Мамытов суракта azattyk.org сайтына жарыяланган бир нече жаңылыкка байланыштуу суроо берип, андагы маалыматтын булактарына кызыккан. Мындан тышкары «Азаттыктын” сайтына чыккан бир нече макаладагы маалымат боюнча түшүндүрмө сураган расмий өтүнүч берилген.

2-июлда саясатчы Равшан Жээнбеков Кыргызстандын тышкы карызына байланыштуу социалдык тармактарга жазган посту үчүн суракка чакырылганын Ленин райондук милициясынын имаратынын алдына чогулган тарапкерлерине жана журналисттерге билдирген. Оппозициялык саясатчы социалдык тармактагы баракчасына «өкмөт быйыл өлкөнүн тышкы карызын дээрлик 1,3 миллиард долларга көбөйтүү ниетинде» деп жазган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты