Жээнбек Кулубаев: «Түркия Тажикстанга Bayraktar’ды сатты» деген маалымат азырынча чындык»

  • 2 года мурун

Бүгүн, 27-апрелде тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлиги каралды. Анда депутат Мирлан Самыйкожо Түркия Тажикстанга Bayraktar’ды жөнөттү делген маалымат тууралуу суроо берди.

«Түрк тилдүү элдеринин кеңешинде биз барбызбы? Тажикстан мүчөбү? Бир маалыматты тактагым келип жатат. Түркия Тажикстанга Bayraktar’ды жөнөттү делген маалымат социалдык тармактарга жайнап чыкты. Ушунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?» — деп сурады депутат.

Жээнбек Кулубаев аталган маалымат азырынча чындык экенин айтты. «Аталган кеңеште биз толук мүчөбүз. Тажикстан мүчө эмес. Биз бул маалыматты алдык. Элчиликке, башка органдарга тапшырма берип тактап жатабыз. Бирок мурун түрк тарапка этияттагыла, ортобузда көйгөйлөр чечиле элек деп да айтылган болчу. Ошон үчүн байрактарды бизден башка коңшуларыбызга сатканга абайлап, этияттап мамиле кылгыла деп айттырганбыз. Бирок алар бул бизнес экенин айтып жатышат. Азыр толук маалымат алгандан кийин дагы түрк тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Азырынча бул маалымат чындык, бирок канча суммада алганын тактап жатабыз», — деди Кулубаев.

Мирлан Самыйкожо бул эмнеден кабар берери тууралуу маалымат алуу керектигин белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты