ЖЭБдеги өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга 557 кызматкер тартылды

  • 6 месяцев мурун

ЖЭБдеги өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга 557 кызматкер тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын кесепеттерин жоюуга 3-февраль саат 12:00гө карата Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 557 кызматкер, 35 техника тартылды.

Анын ичинен ӨКМден 133 куткаруучу жана 17 техника тартылган.

Жеринде түзүлгөн штаб ЖЭБдин аймагындагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып барууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты