ЖЭБдеги штаттык эмес кырдаалды жоюуга 576 кызматкер тартылды

  • 6 месяцев мурун

ЖЭБдеги штаттык эмес кырдаалды жоюуга 576 кызматкер тартылды. Бул тууралуу ЖЭБдин айланасындагы кырдаалга байланыштуу түзүлгөн “Медиа штаб” кабарлады.

Маалыматка ылайык, 8-февраль күнү саат 8:30дан тарта Бишкек Жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 576 адам, 17 техника тартылды.
ЖЭБдин имаратынын айланасын курулуш материалынын калдыктарынан тазалоо иши дээрлик аяктоо алдында турат.

Учурда жалпы тартылган жумушчу топтун күчү ЖЭБдин чатырын жабууга жумшалууда.
Кызматкерлерге жумушту баштоо алдында коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча нускамалар жеткирилип, ысык тамак менен камсыз болууда.

Ошондой эле жеринде жылынуу пункту катары 4 чатыр тигилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты