Жеңишбек Токторбаев: «Бекназаров «Ташиевге наам туура эмес берилди» деп жалаа жапты»

  • 2 года мурун

Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев трибунадан кайрылуу жасады.

«Мындан 4-5 күн мурда Кыргыз эл баатыры Камчыбек Ташиевге наам туура эмес берилди деп Азимбек Бекназаров жалаа жаап чыкты. Урматтуу Азимбек аке, сиздин ким экениңизди эл абдан жакшы билет. Сиз кыжалат болбоңуз, ичиңиз күйбөсүн, кара ниеттиктин дагы чеги болот. Камчыбек Ташиевге эл эчак эле ал наамды берип койгон. Ушул жерде 2010-жылы июнь окуясына катышкан биздин көптөгөн депутаттар отурат. Баарын биз билебиз, кандай болгонун, ким качып кеткенин билебиз. 2010-жылкы июнь окуясы боюнча Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков түздөн-түз күнөөлүү. Анткени алар убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон. Күч түзүмдөрүн жетектеп турган. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү ошонун ичинде Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков булар чыккынчылар, саткындар. Булар тынч жаткан кыргыз-өзбек элинин ортосунда жаңжал чыгарышты. Булардын максаты Бакиевдин бийлигин жок кылуу болгон. Июнь окуясында Бекназаровду бир жолу көрдүм жол тандабаста, күзөтчүлөр менен келип биз менен жолуккан. Ошондо Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов бар болчу. Аны ошол жерден эле көргөм. Ушул маселени күн тартибине коюп башкы прокурордун маалыматын угуп койсок», — деди Токторбаев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты