Жеңиш чокусунда калган Наговицинанын абалын байкоого учкучсуз учак да колдонулду

  • 10 месяцев мурун

Жеңиш чокусунда буту жабыркап түшө албай калган Наталья Наговицынанын абалын байкоого учкучсуз аскердик учактар да тартылган.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов кабарлады.

Альпинисттин кырсыктап аскадан түшө албай калганы тууралуу кабар түшкөндөн тарта тийиштүү мамлекеттик кызматтар аны эвакуациялоо боюнча болгон аракеттерди көрүшкөн.

12-август күнү Орусиянын жараны Наталья Наговицына Жеңиш чокусуна чыгуу сапары учурунда 7200 метр бийиктикте оор жаракат алып, буту сынган.

Окуядан кийин Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, ошондой эле аралык куткаруучулар жана альпинисттер да аны куткаруу аракетин жүргүзүштү.

Окуя болгон жерге аскердик тик учак да жөнөтүлгөн. Бирок аба ырайынын начардыгынан улам ал кырсыкка кабылган.

«Куткаруучулардын бардык аракеттерине карабастан, альпинистти экстремалдык бийиктиктен эвакуация жүргүзүүгө мүмкүн болгон жок.

Начар аба ырайынын тоскоолдугунан улам Наталья Наговицынага жетүү кыйынчылык жаратууда», — деп айтылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты