«Жеңиш» чокусун багындырууга чыккан чет өлкөлүк альпинисттер изделүүдө 

  • 12 месяцев мурун

Ысык-Көлдөгү «Жеңиш» чокусун багындыруу үчүн чыгып, дайынсыз болуп жаткан 4 альпинистти издөө үчүн бүгүн, 28-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 16 куткаруучу тартылды.

ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 27-июлда Орусиянын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министрлигинен издөө ишин жүргүзүү боюнча расмий кайрылуу келип түшкөн.

Маалыматка ылайык, 4 альпинисттин үчөө Орусиянын, төртүнчүсү Литва өлкөсүнүн жараны.

Альпинисттер Кыргызстандагы «Аксай-Тревел» туристтик компаниясы менен келишим түзүп, камсыздандыруу менен 11-июль күнү Ысык-Көл облусундагы лагерге жайгашышкан. Ошол эле күнү алар «Жеңиш» чокусуна жол тартышып, 19-июль күнү акыркы жолу 6900 метр бийиктиктен байланышка чыгышкан. Ал эми 24-июль күнү спутник байланышы аркылуу туристтерге жардам керектигин билдирген координат келип түшкөн.

Алынган координаттын негизинде «Аксай-Тревел» компаниясы 24-26-июль күндөрү ижарага алган тик учак менен издөө ишин жүргүзүп, бирок ал жыйынтык берген эмес.

Ал эми ӨКМдин куткаруучулары чокууга чыгууда кар көчкү түшүү коркунучун жана башка кооптуу шарттарды эске алып, эрежелерди тыкыр сактоо менен издөө ишин жүргүзө баштады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты