Жеңил унаа Чычкан суусуна түшүп кетип, 2 адам жабыркады

  • 2 года мурун

Жеңил унаа Чычкан суусуна түшүп кетип, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-июнда саат 7:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 275-чакырымында (Чычкан капчыгайы) Lexus-470 үлгүсүндөгү унаа Чычкан суусуна түшүп кетти. Унаанын ичинде 5 адам болгон, анын ичинен 2 адам жеңил жаракат алышып тез жардам кызматы тарабынан ооруканага жеткирилди. Унаанын ээсинин кайрылуусунун негизинде унааны чыгарып берүүгө көмөк көргөзүү үчүн жерине куткаруучулар тартылып, сууга түшүп кеткен унааны чыгарып ээсине өткөрүп беришти. Жол кырсыгы боюнча маалымат ӨКМге түшкөн эмес.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты