Жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшү боюнча маселелер каралды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын кезектеги жыйынында мал чарбасын өнүктүрүүгө жана жайыттарды башкаруу системасын жакшыртууга багытталган эл аралык долбоорлор талкууланды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Муну менен катар азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана 2023-жылдагы жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктын жүрүшү боюнча маселелер каралды.

Мал чарбасын өнүктүрүүгө жана жайыттарды башкаруу системасын жакшыртууга багытталган эл аралык долбоорлор боюнча Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Тамчыбек Түлеев маалымат берди.

Ал эми айыл чарба министринин орун басары Нурдин Алишеров Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, 2023-жылдын жазгы талаа жумуштарына каражат жүргүзүлүп жаткан даярдык иштери тууралуу баяндама жасады.

Талкуу маалында депутат Талайбек Масабиров акыркы жылдары мал чарбасын өнүктүрүү жана жайыттарды башкаруу системасын жакшыртуу багытында эл аралык долбоорлорду ишке ашырууга 108 миллионго жакын АКШ доллары бөлүнгөнүн белгиледи. Ага карабастан жайыттардын абалы канааттандырарлык эмес экенин кошумчалады.

Ошондой эле депутат Таалайбек Сарыбашов Жайыт комитеттеринин натыйжасыз иштеп жатканына көңүл буруп, тиешелүү мыйзамдарды карап чыгуу керектигин жүйө келтирди. Депутат Айбек Маткеримов болсо жайыттардын деградациясы, Суусамыр өрөөнүндөгү жайыттарды бузуп жаткан Алтыкана өсүмдүгү боюнча суроолорду көтөрдү.

“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери Бактыбек Сыдыков Айыл чарба министрлиги статистика менен гана алектенип калганын белгилесе, ушундай эле пикирге токтолгон Жеңишбек Токторбаев мекеменин ишин сынга алды. Депутат Камила Талиева Баткен районунун Арка айылындагы насостук станциянын абалы тууралуу сөз кылып, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, фермерлерге жана дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды берүү жаатындагы маселелер боюнча пикирин айтты.

Айыл чарба министринин орун басары Нурдин Алишеров депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, министрлик 2023-жылдын жазгы талаа иштерине даяр экенин белгиледи.

Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери Бактыбек Сыдыков азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар, жазгы талаа иштерине карата даярдыктар тууралуу маалыматты келерки аптада айыл чарба министринин катышуусунда кошумча угууну сунуштады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты