Жаза аткаруу мекемелериндеги уюшкан кылмыштуу топторду каржылоо каналына бөгөт коюлду

  • 5 месяцев мурун

Жаза аткаруу мекемелериндеги уюшкан кылмыштуу топторду каржылоо каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Юстиция министрлигине караштуу Ош шаарындагы Жазаларды аткаруу кызматынын №25 мекемесинин шартында иштеген «воровского общака» деп аталган кылмыштуу топтун каржылоо каналына бөгөт койду.

«№25 тергөө абагында камалгандар электрондук капчыктарды («М-Банк», «МегаПай») жана банктык карталарды («Оптима Банк», «Элкарт РСК Банк») үзгүлтүксүз колдонуп жүргөндүгү боюнча далилдер алынды. Ар кандай электрондук капчыктар менен банктык карталардын ортосундагы акча которууларды изилдөөнүн жүрүшүндө «воровского общакага » финансылык колдоо көрсөтүү («грева» деп аталган) үчүн үзгүлтүксүз акча жөнөтүп турган адамдардын чөйрөсү аныкталды.

Иликтөөнүн жүрүшүндө, камакка алынган жана бошотулган адамдардын жакын байланыштары алардын атына электрондук капчыктарды ачып, №25 тергөө абагында кармалган адамдарга мобилдик тиркемелер аркылуу кирүүгө мүмкүнчүлүк берген. Ошону менен бирге, камакка алынгандар электрондук капчыктарды «уурулардын идеяларын» колдоо максатында «общактын» үзгүлтүксүз каржылоо каналын («грев») орнотуу жолу менен пайдаланышкан, анын борбору Бишкек шаарындагы №21 тергөө абагы болуп саналат. Белгилей кетсек, келип түшкөн акча каражаттары абактагылардын арасында баңгизатын сатып алып, аны көбөйтүүгө жумшалган.

Каражаттын бир бөлүгү Ош шаарындагы №25 жаза аткаруу мекемесинин администрациясынын жооптуу кызматкерлерине камакка алынгандарды көзөмөлдөө режимин жеңилдетүү, мекеменин аймагында алардын эркин жүрүүсүн жана уюлдук телефондорду колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, баңги заттарды контингент арасында тоскоолдуксуз таратып туруу жана жолугушууларды уюштуруу үчүн берилген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын биринин банктык картасынын ээси болуп, 1978-жылы туулган КР жараны Б.М. экендиги аныкталып, ал маркум К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө ай сайын акча которууларды жөнөтүп тургандыгы такталды.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында банктык транзакцияларга ылайык 2012-жылдын 31-июлунан 2023-жылдын 4-сентябрына чейинки мезгилде КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Ош шаардык №25 мекемесинин шартында иштеген «воровского общака» каржылоо каналындагы акча каражаттарынын жүгүртүлүшү 18 млн сомдон ашык экендиги тастыкталды.

№25 тергөө абагындагы «воровского общакадагы» 200-400 миң сомго жакын акча ай сайын(«грев» деп аталган) Бишкектеги №21 тергөө абагында камалган «воровского общака» мүчөлөрүнүн пайдасына чегерилип турган. Маалыматка караганда, республиканын башка жаза аткаруу мекемелери да Бишкек шаарынын 21-тергөө абагындагы «грев» менен алектенишкен», — деп жазылат маалыматта.

20-февралда кылмыштуу чөйрөгө катышкандыгы үчүн Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, кыргыз жараны Б.М. кармалып, Ош ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты