Жаза аткаруу кызматы түзөтүү мекемесиндеги балалуу аялдарга көңүл бурду

  • 2 года мурун

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Степное айылында жайгашкан №2 аялдар түзөтүү мекемесинде жаза мөөнөтүн баласы менен өтүп жаткан аялдарга манеж менен оюнчуктарды тапшырышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул демилге кызматкерлер тарабынан аялдарга колдоо көрсөтүү жана алардын балдары үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берүү үчүн жасалган.

Манеждерди соттолгон аялдарга Ички иликтөөлөр боюнча башкы башкармалыктын жетекчиси Эльбурс Токтомамбетов жана Тарбиялоо, социалдык жана психологиялык иштер башкармалыгынын жетекчиси Нурдин Бердикожоев тапшырышкан. Жолугушуу учурунда алар мекемедеги режимдин сакталышынын маанилүүлүгүн баса белгилешип, соттолгондорго үй-бүлөлөрүнө тезирээк кайтып келүүнү каалашкан.

Соттолгон аялдар бул демилге үчүн ыраазычылык билдиришкен. Учурда аталган түзөтүү мекемесинде балалуу 5 аял бар экендиги айтылды.

Сүрөт: gsin.gov.kg

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты