Жашыл энергетика фонду түзүлдү

  • 2 года мурун

Жашыл энергетика чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү максатында Жашыл энергетика фонду түзүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Аталган чечим жашыл энергетика чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү максатында кабыл алынган. 

Буга катар Министрлер кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду жөнүндө жобо жана уюмду башкаруу схемасы бекитилген.  

Жашыл энергетика фонду жашыл энергетиканы долбоорлоону, күтүүнү, субсидиялоону, оңдоону, реконструкциялоону, курууну жана өнүктүрүүнү каржылоо үчүн каражаттарды топтоо, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарынын энергия үнөмдөөчү технологияларын иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана киргизүүгө дем берүү максатында түзүлгөн мамлекеттик мекеме болуп саналат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты