Жашыл энергетика фонду күн жана суу электр станцияларын куруу үчүн 3 миң 964 га жерди ижарага берген

  • 2 года мурун

2024-жылдын июль-декабрь айларында Жашыл энергетика фонду инвесторлор менен конкурстук негизде жалпы аянты 3 миң 964 гектар болгон 42 жер тилкесин ижарага берүү боюнча келишимдерди түзгөн. Бул мезгилде Энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) ишке ашырган субъекттерден фондго 113 миллион сом түшкөн. Бул тууралуу аталган фонд билдирди.

Жашыл энергетика фондунун жетекчиси Кундус Кырбашеванын айтымында, ушул жарым жыл ичинде конкурс комиссиясынын 18 отуруму өткөрүлүп, 107 лот каралган. Жыйынтыгында, инвесторлорго жалпы аянты 3 миң 964 гектар болгон 42 жер тилкеси берилген. Алардын ичинен:
• 31 жер тилкеси кичи ГЭСтерди курууга бөлүнгөн, жалпы кубаттуулугу 351,97 мегаваттты түзөт;
• 11 жер тилкеси күн электр станцияларын курууга каралган, жалпы кубаттуулугу 1634,5 мегаватт.

Фонддун жетекчиси учурда Жашыл энергетика фондунун балансында жалпы аянты 18 миң 649,524 гектар болгон 68 жер тилкеси бар экендигин, анын ичинен 14 миң 929,192 гектар ЭКБ объекттерин куруу үчүн конкурстар аркылуу инвесторлорго берилүүгө даяр экендигин билдирген.

Кундус Кырбашева ошондой эле фонд тарабынан өкмөттүн ЭКБ объекттеринде өндүрүлгөн электр энергиясын кепилденген сатып алуу тартиби жөнүндө токтомдун долбоору иштелип чыкканын кошумчалаган. Учурда долбоор Энергетика министрлигине макулдашуу үчүн жөнөтүлүп, андан ары президенттин администрациясына өткөрүлүп берилери айтылды.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты