“Жашыл ден соолук QR кодун” алыш керек». ТИМ Кытайга бара турган кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

  • 2 года мурун

Тышкы иштер министрлиги Кытайга бара турган кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Кыргызстандан Кытайга учардын алдында Кытайдын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин сайты аркылуу «Жашыл ден соолук QR кодун» алыш керек.

Мындан тышкары, үчүнчү өлкө аркылуу Кытайга транзит менен бара жаткан бардык жүргүнчүлөр Кытайга учар алдында транзиттик өлкөдө тиешелүү процедураларды кайталап, ал өлкөдөгү Кытайдын дипломатиялык консулдук өкүлчүлүктөрүнөн жаңы «Жашыл ден соолук QR кодун» алыш керек.

Кытайга баруу алдында мобилдик телефон аркылуу “Жашыл ден соолук QR кодунун” электрондук версиясын авиакомпаниянын өкүлдөрүнө текшерүү үчүн көрсөтүш керек. Ал жок болсо Кытай бийлигинин талаптарына ылайык, авиакомпаниялар жүргүнчүлөрдү рейске отургузууга уруксат бербейт. Бул тиркемелер Кытайда WeChat же Alipay аркылуу ачылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты