Жашы жете электерди кылмыштуу чөйрөгө тарткан адамдардын тобу кармалды

  • 4 месяца мурун

Милиция кызматкерлери тарабынан жашы жете электерди кылмыштуу чөйрөгө тартуу менен каракчылык кылууга адистешкен адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-апрель күнү Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге Пакистан мамлектинин жараны А.К аттуу жаран арызы менен кайрылган. Анда көрсөтүлгөн күнү түнкү саат 22:30 чамасында Логвиненко көчөсүнөн арыз ээсине белгисиз үлгүдөгү тапанча такап коркутуп, күч колдонуп, баасы 20 миң сомду түзгөн “Айфон 12” маркасындагы уюлдук телефонун жана банк карталарын алып коюшкан. Андан кийин белгисиз тарапка качып кетишкен.

Аталган факт Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесине (каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө милиция кызматкерлер шектүү кылмышкерлердин изине түшүп, алар кармалып, райондук башкармалыктын Тергөө кызматына жеткирилген. Алар 1992-жылы туулган С.И., 2008-жылы туулган Б.А., 2006-жылы туулган А.Д. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Милиция кызматкерлери чет өлкөлүк жарандарды тапанча менен коркутуп карактаган жарандарды такташкан. Ошондой эле шектүү адамдардан мурда кылмыш жолу менен алынган уюлдук телефону жана далил зат буюм болгон белгисиз үлгүдөгү тапанча табылып алынган, ал буюмдук далилдер катары таанылып, кылмыш ишине тиркелген.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты